Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
11:36 10.12.2020

Депутат Наталья Никитенко референдум тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүүнү мыйзамсыз аракет катары баалады.

11:20 10.12.2020
Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Вице-спикер Мирлан Бакиров: АКШнын элчиси саясий, ички маселелерибизге кийлигишип жатат. Элчиге Тышкы иштер министрлиги да жооп берди. Элчинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат. “Мекеним Кыргызстан” 2015-жылы каттоодон өтүп, ийгилик жаратып келген партия. ТИМ өз жообун берди. Мындан ары элчиге дипломатиялык мыйзамдарды сактоону сунуш кылам. 700 млн. доллар боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия жакшыбы-жаманбы иликтеп чыкты. Элчи бул комиссиянын ишине шек келтирип жатат. Бул биздин ички маселебиз.

Редакциядан: Мирлан Бакиров ушул жылы 4-октябрда өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан.

11:13 10.12.2020
Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Депутат Дастан Жумабеков эл аралык окуяларга кайрылды. Депутат Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Орусиянын президенти Владимир Путинге “Тоолуу Карабактагы согушту токтотуп калганы үчүн” ыраазычылыгын билдирди.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан тартып алты жумага созулган куралдуу кагылышуу болгон. 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы астында үч тараптуу келишимге кол коюлуп, тирешүү басылган. Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого 2 миңге жакын орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү киргизилди.

11:08 10.12.2020
Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Депутат Дастан Бекешев: Эмне үчүн Кыргызстанда компанияларды ачып, өнүгүүгө салым кошкон, мээси менен иштеген адамдар даңкталбайт? Эмне үчүн алар акча таппайт? Анткени саясий элита буга жол бербейт. Мына, кечээ Райымбек Матраимов АКШнын “Магнитский тизмесине” киргизилди. “Кара тизмеге” киргизип, АКШ бажыда коррупциянын ири схемасы бар экенин белгиледи. Ал эми бизде болсо Матраимовду мактап, даңктап жатышат. “Матраимовдор элге кызмат кылган үй-бүлө” деп колдоо көрсөтүшкөн. Ошону мактап жаткан адамдар дагы эле арабызда басып жүрүшөт, эч кандай люстрация болгон жок. Матраимов 2 млрд. сом төлөп берем деп күнөөсүн мойнуна алды. Ушундайлардын айынан Кыргызстанда элдин 50% жакырчылыктын чегинде жашайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG