Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
10:46 10.12.2020

Ушул мүнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары жол маселесин, биометрикалык паспортко байланышкан маселелерди, айрым аймактардагы бала бакча көйгөйүн талкуулап жатышат.

10:44 10.12.2020

Депутат Дастан Бекешев: Мыйзамды жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мыйзамдын бары эле сурамжылоо менен өтө береби? Анда элден сурабай эле мыйзамдын баарын жабык режимде кабыл албайлыбы. Ансыз деле "беспредел" болуп атпайбы. Биз түшүнүк менен жашап калдык.

10:41 10.12.2020


Бишкек шаарындагы жарандык активисттер жана укук коргоочулар Жогорку Кеңештин кире беришинде парламент депутаттарына «Наалат жолун» уюштурушту. Алар имаратка кирип жаткан депутаттарга «Наалат!» деп кыйкырып турушат.

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн айтып, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

10:41 10.12.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG