Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:50

Брекзит маселеси Лондон менен Брюсселди сотко чейин жеткириши ыктымал


Брюсселдин борбордук аянты. 30-январь, 2020-жыл.
Брюсселдин борбордук аянты. 30-январь, 2020-жыл.

Мындай божомолду «The Guardian» басылмасы жазды. Ага чейин британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Евробиримдик менен келишимди бузарын билдирген. Шейшембиде Лондондо Брекзит боюнча сегизинчи сүйлөшүү башталды.

«Financial Times» жазгандай, Британия Брекзиттин негизги шарттарынын бири болгон Түндүк Ирландиянын макамы тууралуу мыйзамды кабыл алууга даяр. Мурдараак Лондон менен Брюссел Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек арасы ачык боюнча кала берерин макулдашкан. Бирок Түндүк Ирландиядан Британияга келген жүктөр бажы текшерүүсүнө алынат.

Британ басма сөзү Жонсон сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөр боюнча Евробиримдик сотко кайрыла аларын белгилөөдө. Сот Лондонду ири өлчөмдөгү айыпка жыгып, ал эми Евробиримдиктен чыгуу тууралуу келишим күчүн жоготушу мүмкүн. Бирок бул Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы соода согушуна алып келиши ыктымал.

2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон.

XS
SM
MD
LG