Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды (видео)


Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы.
Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.

Бул тууралуу Сегизбаев 7-декабрда «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө бир адам ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуш кылып жатканын кошумчалады:

«Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү».

«Күчтүү деген талапкер ким? Садыр Жапаровбу?» деген суроого Абдил Сегизбаев «ошол кишини айтып жатам» деп жооп кайтарды. 15-декабрда, шайлоо өнөктүгү учурунда бир катар маалыматтарды ачыкка чыгара турганын айтты.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны бийликтин саясий буйругун аткаруучу деп айыптап келишет.

Ал атайын кызматты башкарганга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы, УКМКнын төрагасы болуп эмгектенген.

Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген жана кол тамгаларды топтоп өткөргөн 20 саясатчынын катарында. Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG