Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Кызматташтарын аткан Шамсутдинов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды


Рамил Шамсутдинов былтыр октябрь айында камакка алынган.
Рамил Шамсутдинов былтыр октябрь айында камакка алынган.

Орусиянын Забайкалье крайындагы аскердик бөлүктө сегиз кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын адвокаты Равиля Тугушева жоокер бул кадамга барганда өзүн жоготуп, көзөмөлдөй албай калганын билдирди.

Шамсутдинов буга чейинки сот жараянында кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай коюп кыйнашканын айткан. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирген. Жоокер эгер аны бир канча күн уктатпай коюп кыйнашпаганда «мындай кадамга бармак эмесмин» деп айткан.

Шамсутдинов былтыр октябрь айында камакка алынган. Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Жоокердин атасы аскер жетекчилерин «армиядагы «чоңсунган зомбулук» көрүнүшүн жашырып жатат» деп күнөөлөгөн.

Ушул жылдын март айында Чита шаарында сот армиядагы кызматташы Шамсутдиновго «чоңсунуп, ыдык көрсөткөн» деп айыпталган Руслан Мухатовду шарттуу эки жылга эркинен ажыраткан. Сотто прокурорлор сегиз адамдын өлүмү менен аяктаган окуяга Мухатовдун Шамсутдиновго кылган мамилеси себеп болгон деген жагдай далилденбегенин билдиришкен.

Интернетте жоокерди бошотууга чакырган петиция болуп, аны миңдеген адамдар колдоп чыккан. Орус армиясы «чоңсунуу» сыяктуу зордук-зомблуктан арыла элек.

XS
SM
MD
LG