Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин иштегенине 10 күн болду. Анын жүрүшүндө буга чейин сунушталган тексттеги бир катар нормалар өзгөртүлүп жатат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Медер Алиев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал кеңеш кандай иштеп жатканы, эмне нормалар өзгөрүшү мүмкүн экени жөнүндө айтып берди.