Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Пенсияга деген акча быйыл кеминде 1 млрд. сомго аз чогулары болжолдонууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү пландалган суммадан 1 миллиард 70 миллион сомго аз түшөт деген кооптонуу бар. Бул тууралуу 3-декабрда парламентте Социалдык фонддун бюджети талкууланып жатканда айтылды.

Жыйында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева 2020-жылга бюджеттин киреше бөлүгү бекитилген бюджеттен 538 миллион сомго көп экенин билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү быйыл 34 миллиард сом суммасында пландалган, бирок бул бекитилген бюджеттен 1 миллиард 70 миллион сомго аз.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байлануштуу Кыргызстанда март айында экономикалык ишмердүүлүктүн көпчүлүк түрлөрүнө убактылуу тыюу салынып, мекеме-ишканалардан салык жана башка төлөмдөр пландалган суммада түшкөн жок.

25-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган. Анын айтымында, тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келген. Улуттук валютага которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экени жана анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткени маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG