Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

«Мусулмандардын кайрымдуулук иши ачык болот»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин демилгеси менен муфтияттын карамагында кайрадан «Вакф» фонду түзүлдү.

Мындан он жылдай мурун да ушундай фонд уюштурулуп, анан жоюлуп кеткен эле. Уюмдун максаты эмне? Аны кайра түптөөгө кандай зарылчылык болду? Деги вакф дегени эмнени түшүндүрөт?

«Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул маселе арнадык. Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, теология илимдеринин доктору, «Вакф» фондунун директору Ниязали Арипов талкуулады.

- Ниязали ажы, алгач сурообузду вакф түшүнүгүнөн баштасак. Ислам укугу боюнча вакф деген түшүнүк өз ичине эмнелерди камтыйт?

Ниязалы Арипов.
Ниязалы Арипов.

- Мааниси «туруу, тургузуу» дегенди билдирген вакф сөзү термин катары «бир мал-мүлктү ээси тарабынан диний, коомдук жана социалдык сооптуу иштерге түбөлүктүү максатта өткөрүп берүү» дегенди түшүндүрөт. Укуктук негизде түзүлгөн жана ислам маданиятынын маанилүү түзүмдөрүнүн бири болуп кабыл алынган мекеме болуп эсептелет.

Имам Абу Ханифанын көз карашы боюнча вакф - бул вакф кылынган мүлктү же андан келген пайданы кедей-кембагалдарга же жакшылык иштерге садага кылып иштетүү.

Ошондой эле ислам түшүнүгүндө вакф сөзү «вакф кылынган мүлк» деген сөз маанисинде да колдонулат. Айрым диний адабияттарда вакф сөзүнүн ордуна садага сөзү да пайдаланылып келген. Ал эми Куранда вакф сөзү орун албаса да мал-мүлктү Алла жолунда иштетүү, жакыр жана жардамга муктаждарга кол сунуу, аларга жакшылык кылуу, жакшылыкта өз ара жардамдашуу жагына үгүттөгөн бир топ аяттар бар. Бул мүлктү дин жолунда вакф кылуунун пайдубалын түзөт. Азирети Умар, Азирети Осмон, Азирети Али сыяктуу сахабалардын да мал-мүлкүн, үй-жайын жана жерлерин мусулмандардын пайдасына вакф кылышканы тарыхта белгилүү.

- Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу өз алдынча «Вакф» фонду уюштурулду. Бул уюмдун негизги максаты кандай? Эмне зарылчылыктан улам түзүлүүдө?

Муфтиятта "Вакф" фонду түзүлмөк болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:21 0:00
Түз линк

- «Вакф» фондунун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - муфтияттын жана анын түзүмүндөгү дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн сапаттуу жүргүзүш үчүн каржылык колдоо көрсөтүү. Диний кызматтарды аймактарга кенен жеткирүүгө көмөк көрсөтүү. Диний билим берүүнү өнүктүрүү. Коомдо жана мамлекетте үй-бүлөнүн кадыр-баркын, ролун бекемдөө сыяктуу программаларды, иш-чараларды колдоо, аларды иш жүзүнө ашыруу. Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, майыптарга, жетимдерге, дегеле коомдун жардамга муктаж катмарларына жардам берүү.

- Буга чейин маркум Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турган кезинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын карамагында «Вакф» фонду түзүлгөнүн билебиз. Бирок андан кийинки муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев 2012-жылы аны жоюп салган. Эми сиздер да уюштуруп жатасыздар. Жоюлуп кеткен фонд менен жаңы түзүлүп жаткан уюмдун принципиалдуу айырмасы эмнеде?

- Ал кезде башталган аракеттер кайсы бир себептерден улам токтоп калса керек. Бирок «көч бара-бара түзөлөт» демекчи, ыраматылык аалымыбыз Чубак ажынын аруу тилеги да «Вакф» фондун өнүктүрүү эле. Айтор, ошол кезде түзүлгөн фонд жана андан бери айтылып келе жаткан ой-пикирлердин изги максаты принцибинде бирдей эле болуп эсептелет. Анда айтыла баштаган тилектердин кайрадан жанданышы, туруктуу ишке кириши буюрса ушул учурга туура келип калды. Бул бизди да шыктандырат, дем-күч берет.

- Ислам дүйнөсүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдө кайрымдуулук иштерин, мусулмандардан топтолгон үшүр, зекет, садагаларды аккумуляциялап, максаттуу иштетиш үчүн мамлекетке караштуу атайын вакф министрликтери бар. Аларда бул иштер мурдатан эле системага салынган. Фонд түзүлүп жатканда башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын да карап көрдүңүздөрбү?

- Бул жагынан бизге жакын, өзөктүү үлгү катары Түркиянын «Диянет Вакфы» уюму, ошондой эле Египет, Малайзия мамлекеттеринин вакф системасын өнүктүрүү тажрыйбалары менен жакындан таанышып келатабыз. Алар менен мындан кийин да кызматташтыгыбыз уланмакчы.

Ушул маселени так белгилеп айтып коюшум керек, буюрса бүгүн биз түзүп жаткан «Вакф» фондунун негизги кыймылдаткыч күчү Кыргызстандын мусулмандары жана жалпы коомчулуктун кайрымдуулук колдоосу болмокчу. Анткени, муктаждыктарыбызды чечүүдө өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таяна билсек гана туруктуу өнүгүүнү жана дин жаатындагы олуттуу реформалык иш-чараларды жүргүзсө болот.

- Кошуна Өзбекстанда 2018-жылы президенттин жарлыгы менен Өзбекстан муфтиятынын карамагында «Вакф» коомдук кайрымдуулук фонду түзүлүп иштеп жатат. Биздеги фонддун ишмердүүлүгү кандай документтердин негизинде жүрөт? Башкаруу түзүмү, бөлүмдөрү, штаты жөнүндө да айта кетсеңиз.

Кыргызстандын Борбордук мечити.
Кыргызстандын Борбордук мечити.

- Түзүлгөн «Вакф» фондунун башкаруу түйүмүндө Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши тарабынан атайын шайланып бекилген азирети муфтийдин төрагалыгы менен Аалымдар кеңешинин төрагасынын, өлкөбүздөгү белдүү аалымдарыбыздын мүчөлүгүндөгү башкармалык жана байкоочу кеңеши бар. Мындан сырткары, ички текшерүү органы, аткаруучу директору жана бөлүмдөрү болот. Уюмдун штаттык түзүмү иш алып баруунун кеңейип өнүгүшүнө карап өсө бере турган багытта калыптанат. Фонддун милдетин, жоопкерчилигин тескеген өзүнүн уставы жана анын негизинде жоболору болот.

- Мекеменин максаты муфтияттын балансына өткөн финансылык жана материалдык каражаттардын агымын иретке келтирүү, алардын туура багытта иштетүү болуп саналат. Демек, бул жерде акча болот. Акча болгон жерде албетте, түшүнбөстүк менен тополоң да болот. Бул тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча кандай механизмдер иштелип чыкты?

- Биринчиден, «Вакф» фондунун ишмердүүлүгү оболу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шарияттын талаптарын сактоо менен ишке ашат. «Вакф» башкармалыгы уюмдун аткаруу органы болгон мүдүрлүктүн ишмердүүлүгүн катуу көзөмөл астында кармап турат. Ал эми башкармалыктын ишмердүүлүгү байкоочу кеңештин көзөмөлү астында болот. Булардын баары коомчулуктун көзөмөлүндө ачык отчёттуулукта болот. Кайсы бир мүлкүн ыйман жолуна иштетүүгө өткөрүп берген ар бир жаран аны иштетүүнүн натыйжасын, ал тууралуу маалыматты каалаган учурда, каалаган жерде айкын билип турушу үчүн заманбап механизмдердин үстүндө иштөөнү максат кылып жатабыз.

«Вакфтын» максаты туура, жакшы ишке аша турган болсо, анда бул дүйнөдө да эбегейсиз берекелерге ээ болобуз. Мунун бирден-бир себеби - жараткандын наамы, ыраазычылыгы үчүн болуп жаткандыгында. «Вакфтын» түзүлүшү канчалаган мусулмандардын эңсегени. Буюрса, эли -журтубуздун колдоосу менен уюмубуздун ишмердүүлүгү түптөлүп кетет деген бекем ишеничтебиз.

XS
SM
MD
LG