Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Дональд Трамп Висконсин штатындагы добуштар боюнча сотко кайрылды


Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен. Архивдик сүрөт.
Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен. Архивдик сүрөт.

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп шейшембиде Висконсин штатындагы 221 миң шайлоо кагазын жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен штаттын Жогорку сотуна кайрылды. «Associated Press» маалымдагандай, ал ошондой эле штаттын губернатору Тони Эверстен АКШ президенттигине шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден утуп чыкканын тастыктаган документти чакыртып алуусун талап кылууда.

Трамптын жүйөсү боюнча, почта аркылуу добуш берүү учурунда кызматкерлер бюллетендер салынган конверттерге даректерди өздөрү жазып коюшкан. Мындан тышкары 28 395 шайлоо кагазы шайлоочулардын тек-жайын аныктоочу документсиз эле берилген. Ошондой эле Мэдисон шаарында мыйзамсыз шайлоо участоктору ачылган.

Штаттын Жогорку соту губернаторго 1-декабрь, 20:30га чейин доого жооп берүүгө убакыт берди.

Бир күн мурда Висконсин штатындагы шайлоо бөлүмүнүн башчысы Энн Жейкобс менен губернатор Тони Эверс штатта Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден утуп чыкканын расмий жарыялашкан. Ага ылайык, демократ Жо Байден республикачы Дональд Трамптан 20 700 добушка көп алган.

АКШда соңку президенттик шайлоодо баштапкы маалымат боюнча Байден утту. Шайлоочулар коллегиясы 14-декабрда жыйынга чогулуп, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыяламакчы.

Кошмо Штаттарда шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Азыр Байденде 306 добуш бар, ал эми анын башкы саясий атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп 232 добуш топтоду. Трамп Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келет жана анын юристтери бир катар штаттарда сотко кайрылган, бирок көбү канааттандырылган эмес.

XS
SM
MD
LG