Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Алматыда «эл башыга» каршы сөздөр жазылган жазуу илип кетишти


Оппозициялык «Rukh2k19» тобу өкмөт Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атын түбөлүккө калтырыш үчүн 47 миллиарддан ашык теңге жумшаганын айыптады.
Оппозициялык «Rukh2k19» тобу өкмөт Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атын түбөлүккө калтырыш үчүн 47 миллиарддан ашык теңге жумшаганын айыптады.

Казакстандын Алматы шаарында Нурсултан Назарбаев проспектисинде #qazaqkoktemi и #cancelelbasy деген хэштег сөздөрү менен «Бир ысымга 47 миллиард теңге» деген жазуусу бар он метрлик жазуу илинди. Ал кимдин колунан келгени азырынча белгисиз. Бирок оппозициялык «Rukh2k19» тобу «Инстаграмдагы» баракчасына казак өкмөтүнүн коомчулук менен эсептешпей туруп өлкөнүн борбор шаарынын атын өзгөрткөнүн, негизги көчөлөргө да туңгуч президенттин ысымы коюлганын айыптап билдирүү жазды. Анда Назарбаевдин атын түбөлүккө калтырыш үчүн 47 миллиарддан ашык теңге жумшалганы белгиленген. Ошондой эле коомчулук жеке адамдын керт башына сыйынуудан арылган күндү эңсеп жүргөнү айтылган.

Казакстанда 1-декабрда туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин күнү белгиленет. Бул датаны утурлай социалдык тармактарга #cancelelbasy деген хэштег сөз менен ага пикир жазгандар көп болду. Анда негизинен мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында биринчи президенттин күнүнө карата аны мактап-жактаган сабактар өткөрүлгөнүн сынга алышкан.

Казакстанда туңгуч президентти даңазалаш үчүн Нурсултан Назарбаевдин күнүн белгилөө 2011-жылы башталган жана бул күн ошондон бери мамлекеттик майрам болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG