Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Чүйдө милицияга каршылык кылгандарга эскертүү иретинде ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эскертүү иретинде Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери асманга ок атканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, облустук ЖКККБнын кызматкерлери 26-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда документ текшерүү максатында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки машинени токтотушкан.

Анда «автоунаанын айдоочулары ага баш ийбей, токтотпой айдап кетишкен. Артынан кууган милиция кызматкерлери автоунаалардын бирин Киров айылынын аймагында кууп жетип, токтоткон учурда, андагы адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөрүшкөн. Милиция кызматкери куралынан асманга ок атууга аргасыз болгон» деп жазылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы айдоочу кармалганы кабарланды. Качып кеткен экинчи автоунаага издөө жарыяланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG