Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Эксперт: Баш мыйзамда басма сөз эркиндиги корголот, өлүм жазасы кирбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Конституциялык кеңешмеде жеке адамдын ар-намысына жана абийирине шек келтирген маалыматтар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына кылмыш ишин козгоо тууралуу берене жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин «Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги жана милдети» секциясынын мүчөсү, юрист Лейла Сыдыкова бүгүн, 25-ноябрдагы бирифингде билдирди.

«Азыркы Конституцияда мындай норма жок. Биз бир нече жылдан бери бул беренеси жок эле жашап келдик. Мындан ары да жарандык укук алкагында жоопко тартуу менен эле бул маселени чече алабыз деп ойлойм», - деди Сыдыкова.

Юрист ошондой эле өлүм жазасын киргизүү зарылчылыгы да жок экендигин билдирди. Конституциялык кеңешмеде айрым катышуучулар жаңы долбоорго өлүм жазасы тууралуу жобону киргизүүнү сунуш кылышкан.

Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий 2002-жылы киргизилип, 2006-жылы Конституциядан биротоло алынган.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-ноябрда өзүнүн жарлыгы менен 89 кишиден турган Конституциялык кеңешме түзүп, кеңешме ошол эле күнү ишке кирген. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме Жогорку Кеңеш талкууга чыгарган долбоорго таянарын билдирген.

17-ноябрда 80 депутаттын колу менен сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү.

Коомдук-саясий чөйрөнүн демилгеге каршы тарабы жаңы долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт деп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG