Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Беларуста журналист Игорь Ильяш кармалды


Игорь Ильяш.
Игорь Ильяш.

Беларустун борбору Минск шаарында «Белсат» телеканалынын кабарчысы Игорь Ильяш кармалды. Бул тууралуу анан жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, журналисттин үйүндө тинтүү жүрүп, компьютерин, телефонун алып кетишкен. Баш кеңсеси Польшада жайгашкан телеканалдын кабарчысы Ильяшты кармоонун себептери ачык кабарланган жок.

Ушул айдын башында Игорь Ильяштын аялы, журналист Екатерина Андреевага «Коомдук башамаландыкты уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Минскидеги нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн жеринен кармалган. «Весна» укук коргоо уюму аны саясий туткун деп атаган.

Ильяш менен Андреева буга чейин «Беларус Донбассы» деп аталган китепти жазышкан. Бул китепте Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууга катышкан беларус жарандары жөнүндө баяндалат.

Акыркы айларда болсо Игорь Ильяш Беларустагы соңку окуялар боюнча социалдык тармакта пикирин дайыма билдирип келген.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү соңку 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келет.

Күч түзүмдөрүнүн демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону жана журналисттердин кармалып-камалганы сынга кабылган.

Буга чейин Беларус бийлиги ондогон эл аралык медиа каражаттарынын журналисттеринин аккредитациясын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG