Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:38

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жамааты жаңы жетекчиге каршы бийликке кайрылды


Акин Токталиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору.
Акин Токталиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) эмгек жамааты жаңы жетекчи менен иштешүүдөн баш тартып жатканын 17-ноябрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова билдирди.

Анын айтымында, жамаат өз талаптары жазылган кайрылууну өлкө жетекчилигине жөнөтүп, жаңы директор Акин Токталиев менен иштешүүгө каршы болушунун себептерин билдирди.

«Жаңы директор дайындалганча ДИМК эмгек жамааты мыйзамга дал келбеген, жалпы жамааттын ички ажырымын пайда кылуучу, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга тоскоол кылуучу Акин Токталиевдин тапшырмаларын кабыл албайт», - деди ал.

«Азаттык» радиосу комментарий алыш үчүн Токталиевдин өзү менен байланышканда ал мекеменин иши үзгүлтүккө учурабаганын, кызматкерлер жумушун кадимки тартипте улантып, айрымдары ага каршы кайрылууга колун билбестен коюп алганын айтып жатышканын билдирди. Токталиев каршылыкка буга чейинки соттук териштирүүлөр себеп болушу ыктымал экенин айтты:

«Мен 2015-2017-жылдары дин комиссиясы мыйзамсыз иштерди жасап жатканы үчүн сотко кайрылып, соттошком. Бийлик көп кишилерди «экстремист» деген жалган жалаа менен соттотуп жибергенинин себеби - дин комиссиясы ошол убакта мыйзамсыз корутунду берген».

Укук коргоочу Акин Токталиев комиссияга жетекчи болуп президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 13-ноябрда дайындалган. Ал «Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети» коомдук бирикмесинин жетекчиси, диний экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып жаткандардын укугун коргогон адвокат катары белгилүү.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Премьер-министр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG