Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

ЮНИСЕФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү КОВИДге каршы 2 млрд. вакцина менен жабдуу ниетин билдирди


ЮНИСЕФтин дубалдагы эн белгиси. Нур-Султан шаары, Казакстан. 2020-жылдын 11-августу.
ЮНИСЕФтин дубалдагы эн белгиси. Нур-Султан шаары, Казакстан. 2020-жылдын 11-августу.

БУУнун Балдар агенттиги (ЮНИСЕФ) 23-ноябрда жарыялаган маалыматка караганда, келерки жылы бул уюм 2021-жылы өнүгүп келе жаткан 92 өлкөнү камтый турган долбоор баштайт. Бул уюм COVID-19га каршы 2 миллиард вакцинаны жана 1 миллиард дарыгерлик ийнени бул өлкөлөргө жеткирмекчи.

ЮНИСЕФ буга чейин эле вакциналарды сатып алуу жаатында дүйнөдөгү эң ири кардар болуп саналган. Адатта ЮНИСЕФ жыл сайын вакциналардын 2 миллиард дозасын сатып алып, дээрлик 100дөй өлкөдөгү эмдөө иштерине пландуу түрдө көмөк уюштуруп келчү.

Коронавируска каршы вакциналарды дүйнө жүзү боюнча ылдам жеткирүү менен байланышкан келерки жылкы иш-аракет буга чейин тарыхта эч болуп көрбөгөндөй эң ири өлчөмдөгү жана өзгөчө ыкчам аткарылчу иш-чара болуп калышы күтүлөт.

ЮНИСЕФтин жабдуу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору Этлева Кадилли: «Бул баа жеткис өз ара кызматташтык дал ушул тарыхый жана опол тоодой иш-аракетке зарыл болгон жетишерлик мүмкүнчүлүктү камсыз кылууда зор мааниге ээ», - деп баса белгиледи.

Эр-Риядда виртуалдык ыкмада өткөрүлгөн «Чоң жыйырмалыктын» 15- жылдык саммитинде тынчсыздандырчу маалыматты Батыш Европанын эки ири өлкөсүнүн өкүлдөрү ортого салышты. Ага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо үчүн атайын каражатты топтоо иши кечигип жаткан чакта, бай мамлекеттер вакциналарды сатып алууга киришүүдө.

Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөр азыркы кырдаалда дүйнөлүк коомчулуктан көмөк күтүп жатышат. ЮНИСЕФтин келерки жылга белгиленип жаткан вакцина сатып алуу жана ыкчам жеткирүү жаатындагы ишмердигине өнүгүп келе жаткан мамлекеттер өзгөчө үмүт менен карашат.

XS
SM
MD
LG