Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

ЮНИСЕФ: Үй-жайынан бозгон балдардын саны 19 миллионго жетти


Бозгундагы рохинжа мусулмандарынын балдары. 10-декабрь, 2019-жыл.
Бозгундагы рохинжа мусулмандарынын балдары. 10-декабрь, 2019-жыл.

Жаңжал жана зомбулуктун айынан өз өлкөсүнүн ичинде жер которууга аргасыз болгондордун саны өткөн жылы 46 миллионго жеткен. Алардын 19 миллиону балдар, бул эң жогорку көрсөткүч экенин Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирди.

5-майда жарыяланган “Үйсүз калгандар” аттуу баяндамасында ЮНИСЕФ турак жайын таштай качкандар он жыл ичинде 25 миллиондон 46 миллионго өскөнүн эсептеген.

Коронавирус пандемиясы маалында мына ушул катмар өтө аянычтуу абалда экени белгиленет.

“Дүйнөнүн чар тарабында үй-жайсыз калган миллиондогон балдар тийиштүү камкордуксуз жана коргоосуз калышты. COVID-19 пандемиясы сыяктуу кризис жаралганда алар өзгөчө аялуу”, - деп билдирет ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Форе.

Баяндамада ал балдар зомбулук, катаал мамиле, адам сатуу, мажбурлап ишке салуу, эрте нике өңдүү коркунучтарга кептелгени жазылган. Фонд аларды коргоо үчүн чукул чара көрүүгө, дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, жарандык коому менен гуманитардык топторун биргеликте иштөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG