Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Беларуска каршы чектөөнү колдогондорго Украина да кошулду


Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел. Киев шаары. 2020-жылдын 22-сентябры.
Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел. Киев шаары. 2020-жылдын 22-сентябры.

Европа Биримдигине мүчө болбогон башка да 7 мамлекет бул Биримдиктин Беларуска каршы чектөөлөрүн колдоп чыгышты. Августтагы жыйынтыгы бурмаланган делген президенттик шайлоодон кийин жапатырмак нааразылык иш-чараларына чыккан жарандарын ырайымсыздык менен жазалоосун уланткан расмий Минскке каршы 27 мүчө өлкөсү бар Евробиримдик бир катар чектөөлөр киргизген.

Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Жозеп Боррел 20-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө Албания, Түндүк Македония жана Черногория сыяктуу бул ынтымакка мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдөн тышкары Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Украина да Беларуска санкция киргизүү жүрүмүнө кошулганы белгиленди.

Беларустун жарандары акыркы 26 жылдан бери өлкөнү бийлеп келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин августтун башынан бери дээрлик күн сайын уюштуруп жаткан нааразылык жыйындарында талап кылышууда. Оппозиция 9-августта президенттик шайлоо одоно добуш бурмалоолор менен өттү деп нааразылык билдирүүдө, ал эми Батыш өлкөлөрү бул шайлоонун натыйжаларын тааныган жок.

Нааразылык чараларына катышкан бир катар кишилер набыт болушту, миңдеген демонстранттар камакка алынды. Айрым оппозиция лидерлери абакка салынды, башкалары бозгунга кетүүгө мажбур болушту.

Европа Биримдиги Лукашенко баш болгон 50дөн ашуун төбөлдүн эсептерин бул зомбулук аракеттерге байланыштуу тоңдуруп, аларга карата визалык тыюу салууну киргизди.

Боррелдин 19-ноябрдагы айтымына караганда, эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бул ынтымактын Беларус төбөлдөрүнө карата чектөөлөрү мекемелерге, ишкерлерге жана компанияларга да жайылтылаары тууралуу макулдашты.

XS
SM
MD
LG