Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:03

Пакистан: Лахордо катаал нукту карманган диниятчы Ризви жерге берилди


Диниятчы Хадим Хусейн Ризви нидерланддык саясатчы Гиирт Вилдерске каршы нааразылык жыйынында. Лахор. 2018-жылдын 29-августу.
Диниятчы Хадим Хусейн Ризви нидерланддык саясатчы Гиирт Вилдерске каршы нааразылык жыйынында. Лахор. 2018-жылдын 29-августу.

Пакистандын Лахор шаарындагы жамаат өлкөдө өзгөчө ашынган диний саясатты талап кылып келген диниятчы Хадим Хусейн Ризвини акыркы сапарга узатууга катышты. Айрым байкоочулардын айтымында, 21-ноябрдагы жаназага жүз миңден ашуун киши чогулган.

Ризви мырза өлкөдөгү ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын жолбашчысы болчу. Ризви Пакистандагы диний азчылыктардын топторун көп жылдардан бери коркутуп-үркүтүп, тополоңдорго шыкактап, "кудайдын каарына калган" деп өзү санаган Европа өлкөлөрүн ойрон кылууга чакырып келген.

Жаназага катышкандар Ризви негиздеген кыймыл өз ишин улантат деп ураан чакырып жатышты.

54 жаштагы Ризви өпкө кагынынан улам 19-ноябрда дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү атайын текшерүүдөн өткөрүлбөгөн соң, маркум өлкөдө тездеп жайылган коронавирустан өлгөнбү же жокпу, белгисиз калды.

Ризви жетектеген «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын өкүлдөрү 15-ноябрда пакистандык полиция менен кагылышууга барып, андан соң 17-ноябрга чейин борбор шаар Исламабадга кетчү маанилүү автожолду тороп турган.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү Исламабадга кетчү кан жолду Ризви жетектеген ашынган диний топтун өкүлдөрүнүн кирип келишинен кайтарып турушат. 16-ноябрь, 2020-жыл.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү Исламабадга кетчү кан жолду Ризви жетектеген ашынган диний топтун өкүлдөрүнүн кирип келишинен кайтарып турушат. 16-ноябрь, 2020-жыл.

Алар Франциянын президенти Эммануэл Макрондун октябрдын соңундагы сөз эркиндигин, анын ичинде Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоо эркиндигин коргогон сөзүнө нааразылык билдиришип, Франциянын Пакистандагы элчисин өлкөдөн чыгарып жиберүүнү жана француз товарларына бойкот жарыялоону талап кылып чыгышкан.

Пакистан бийликтери өлкөдөн француз элчисин чыгарып жиберүү маселесин парламентте карай турганына убада кылган соң гана борбор шаарга кетчү жолду ачтырганын Ризви билдирген.

2018-жылы 29-августта Ризвинин уюму Нидерландда улутчул саясатчы Гиирт Вилдерстин Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура сынагын өткөрүү долбооруна каршы нааразылык кылып, Лахор шаарында жүрүш уюштурган жана ага да бир нече он миңдеген кишилер катышкан.

Ризвинин кыймылы менен мышык-чычкан ойногон Пакистандын аскер жетекчилиги маркумду "чыгаан окумуштуу" деп атады, ал эми премьер-министр Имран Хан маркумдун жакындарына көңүл айтуусун билдирди.

XS
SM
MD
LG