Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Пакистанда Мухаммед пайгамбардын аброюн коргогон акция өттү


Лахордогу нааразылык акциясы. 29-август, 2018-жыл.
Лахордогу нааразылык акциясы. 29-август, 2018-жыл.

Лахор шаарындагы нааразылык акциясында 10 миңдей адам Нидерландда Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатуралар боюнча сынак өткөрүлүшүнө каршы чыгышты.

29-августтагы жүрүштү исламчыл "Техрик-и-Лабаик" партиясы уюштурду. Бул партия өткөн айдагы парламенттик жана жергиликтүү шайлоодо күтүлгөндөн көбүрөөк добуш алган.

Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатуралар боюнча Нидерландда өткөнү жаткан сынакты буга чейин Пакистандын жаңы өкмөтү да сындап, ал исламга шек келтирерин эскерткен.

Бирок "Техрик-и-Лабаик" партиясынын лидери Хадим Хуссеин Ризви мындай реакция жетишсиз болоорун айтып, өкмөттү Нидерланд менен дипломатиялык байланышты үзүп, элчисин ал жактан чыгарууга чакырууда. Ал Пакистандын премьер-министри Имран Ханга кысым көргөзүш үчүн нааразылык акциялары Исламабаддада да уюштурууларын жарыяларды.

Хандын кеңсеси болсо Нидерланддагы карикатура сынагы боюнча маселени Пакистан Улуттар Уюмунда көтөрө турганын билдирген.

Нидерландда Мухаммед пайгамбар жөнүндө карикатуралар сынагын өткөрөрүн парламенттин депутаты, ислам динин такай сындап жүргөн улутчул саясатчы Гиирт Вилдерс жарыялаган.

Бул өлкөнүн премьер-министри Марк Рютте өткөн аптада өкмөттүн карикатура сынагына тиешеси жок экенине көңүл буруп, бирок аны өткөрүп жаткан саясатчынын сөз эркиндигине болгон укугун коргоп чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG