Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Беларустун атайын кызматы "Nexta" авторлорун террорчулардын тизмесине кошту


Степан Путило.
Степан Путило.

Беларустун Мамлекеттик коопсуздук кызматы "Nexta" телеграм-каналынын авторлору - Степан Путило менен Роман Протасевичти "террордук ишмердикке катышы бар деген жарандардын" катарына кошту. Бул тууралуу “Наша Ніва” басылмасы кабарлады.

“Медиазона” басылмасынын маалыматына караганда, 700дөн ашуун адамдын аты-жөнү жазылган тизмеде Протасевич менен Путило гана беларус жарандары. Калгандары чет элдиктер.

Экөө жашап жүргөн жер катары Польша көрсөтүлгөн. Аларды террорчулардын катарына кошууга Беларустагы жапырт нааразылык тууралуу макалаларга байланыштуу ачылган кылмыш иши негиз кылып алынганы айтылат.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Варшаваны "Nexta" каналынын авторлорун Минскиге өткөрүп берүүгө чакырган.

“Нехта” (Nexta) сөзү беларус тилинде "кимдир" дегенди түшүндүрөт. Каналды 22 жаштагы Степан Путило негиздеген. Роман Протасевич 2020-жылдын сентябрына чейин каналдын башкы редактору болуп иштеген.

Эки миллиондой окурманы бар канал быйыл 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун бийлигине каршы тутанган нааразылык акцияларын такай маалымдап, сын макалаларды жазып келатат.

XS
SM
MD
LG