Ушул жылдын март айынан бери Наманган, Самарканд, Навои, Анжиян жана Ташкент облустарында каза болгондордун арасында коронавируска чалдыккан дарыгерлер, медайымдар, тартип сакчылары жана лаборанттар бар экендиги айтылып келет. Ал эми Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда каза болгон медиктердин так санын жарыялай элек.
10-ноябрда «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын кабарчылары Самарканд, Кашкадарыя, Навои, Анжиян жана Наманган облустарында коронавирус бейтаптарын дарылап жаткан дарыгерлер жана медайымдар менен байланышкан. Алар кеминде 15 кесиптеши коронавирусту жугузуп алып оорудан улам каза болгонун айтышкан.
Ошондой эле өзбекстандык медиктердин айтымында, каза болгон кесиптештеринин көпчүлүгү коронавирус тестин тапшырган эмес. Кабарларда коңшу Өзбекстанда пандемия учурунда медициналык кызматкерлердин өлүмүнө алардын коопсуздугу толук камсыздалбаганы себеп болгону айтылат.
Мисалы, Наманган облусундагы үй-бүлөлүк клиникалардын биринин дарыгери ал аймактагы медиктер али коргонуу каражаттары менен жабдылбаганын айтып берген.
«Мен иштеген айылдык үй-бүлөлүк ооруканада он чакты кызматкер эмгектенет. Коронавирус тестинен эч кимибиз өткөн эмеспиз. Бизге кадимкидей коргоо каражаттары да берилген эмес. Короновирус менен ооругандардын үйүнө барсак да жөнөкөй маскаларды жана медициналык халаттарды кийип барабыз. Жеке мен коронавирус жугузуп каза болгон эки дарыгерди билем», - дейт атын атагысы келбеген медицина кызматкери.
Ал ошондой эле 18 миң калкы бар аймакты 10 дарыгер тейлеп жатканын жана бул медиктердин дээрлик көпчүлүгү коронавирустан коргоочу шаймандардын жоктугунан оору жугузуп алып, үйүндө дарыланып, андан кийин жумушка кайтып келүүгө мажбур болуп жатканын кошумчалады:
«Биз коронавирус жугузуп алганыбызды билебиз. Анткени биз мындай бейтаптарды өзүбүз дарылайбыз. Коронавирус тестинен эч кимибиз өткөн жокпуз. Медиктерге жана мугалимдерге массалык тестирлөө уюштурулган жок. Мугалимдерге гидроксихлорохин жана цинк беришкен, бирок биз алган жокпуз. Мен коронавирус менен оорудум, бирок кудайга шүгүр, оору жеңил өттү. Көптөгөн дарыгерлерибиз коронавирустан үйдө дарыланып, айыгып, кайра жумушка чыгышты».
Ал эми атын атагысы келбеген дагы бир медайым Самарканд облусунда ооруканалардын биринде иштейт. Ал «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына медиктер ден соолугу чың жана коронавирус жугузуп алган бейтаптар менен бир жерде аралаш иштешкенин айтып берген:
«Мен сентябрь айында коронавирус жугузуп алдым. Барып өз эсебимден тест тапшырдым. Тест оң натыйжа бергенден кийин, жетекчилерим «жумушка чыкпай эле кой» дешти. Азыр болсо илдеттин деңгээли анчалык деле жогору эмес. Бирок сентябрь жана октябрь айларында вирус абдан кеңири жайылды. Айрыкча алыскы айылдарда. Ооруканалар бейтаптарга толуп кетти. Бизде иштеш үчүн жөнөкөй шарттар жетишсиз. Мисалы бизге коргоочу комбинезон берилген жок. Беткаптарды жана мээлейлерди өзүбүз сатып алдык. Аларды деле бат-баттан алмаштырууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Биздин кызматкерлердин дээрлик көпчүлүгү коронавирус жугузуп алды. Мисалы, мен билгенден эки кесиптешим каза болду. Кийин «алардын өнөкөт оорулары болгон» деп айтышты».
Ал арада Кашкадарыя облусунун администрациясы коронавирус жана пневмония сыяктуу илдеттерден каза болгон медицина кызматкерлеринин тизмесин расмий жарыялады. Анда 25 дарыгерлердин жана медайымдын аттары, фамилиялары жазылган.
Бул тизме азырынча коронавирус пандемиясынын убагында каза болгон өзбекстандык медицина кызматкерлеринин саны боюнча бирден-бир расмий маалымат бойдон калууда.
Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда, коронавирустун айынан каза болгон медиктердин саны расмий маалыматтарга караганда кыйла көп. Бул маалыматты негизинен социалдык тармактарда каза болгон медиктердин туугандары жана кесиптештери жарыялашат.
Тактап айтканда, жакында эле 10 миңден ашуун катталуучусу бар медициналык «Фидокорлар» «Телеграм» каналы 2020-жылы каза болгон 500гө жакын дарыгерлердин аттарын, иштеген жерин жана сүрөттөрүн жарыялады. Анда медициналык кызматкерлердин өлүмүнүн так себеби айтылбайт, бирок алардын үй-бүлөлөрү жана кесиптештери жазган комментарийлерден бул дарыгерлер коронавируска чалдыккандан кийин көз жумганы маалым болот.
Ал эми Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү «коронавирус пандемиясында каза болгон дарыгерлердин так саны жөнүндө маалыматты министрликтин басма сөз катчысы Фуркат Санаевден гана алууга болот» деп билдирген. Бирок Санаев «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына жооп берүүдөн баш тарткан.
Буга чейин министрлик 30-июлда коронавирустан эки гана медицина кызматкери каза болгонун билдирген. Ошондой эле Өзбекстанда коронавирусту биринчилерден болуп медицина кызматкери жугузуп алганын жана анын өлүмү алгачкылардан болуп катталганы расмий кабарланган.
Атын атагысы келбеген өзбекстандык дарыгер медицина кызматкерлеринин өлүмүн жашыруунун чыныгы себебин бийлик коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө президент убада берген жөлөкпулду төлөөдөн качканы менен түшүндүрдү.
«Эгерде азыр өкмөт каза болгон медициналык кызматкерлердин так санын расмий кабарласа, анда баарына жөлөкпул төлөп бериши керек. Балким ошондуктан өзбек бийлиги пандемия учурунда каза болгон дарыгерлердин так санын ачык айтпай жатат», - деди анжияндык дарыгер.
Ал айтып жаткан жөлөкпул боюнча быйыб 26-мартта президент Шавкат Мирзиёев «Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшкө катышкан медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык мекеменин кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомго кол койгон.
Ага ылайык коронавирус жугузуп алган медиктер жакындары мамлекеттен 100 миллион сум (10 миң долларга жакын) жөлөкпул алышы керек. Ал эми медиктер өздөрү же үй-бүлө мүчөлөрү илдеттен көз жумса анда алардын үй-бүлөлөрү 250 миллион сум (25 миң долларга жакын) жөлөкпул ала алат.
15-ноябрга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 70 миң кишиден ашты. Учурда өлкө боюнча 2137 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Каза болгондордун жалпы саны 598 адамга жетти.
Анткен менен коомчулук министрликтин коронавирустан каза болгондордун саны боюнча расмий статистикасына ишенбестик менен карайт.
Ошондой эле министрлик 22-сентябрдан бери коронавирустан каза болгондор кайсы аймактан, ооруканадан экенин жана алардын жашы курагын ачыкка чыгарууну токтоткон.