Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Кристофер Миллер АКШнын Куралдуу күчтөрүнө кайрылды


АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, 13-ноябрь, 2002-жыл.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, 13-ноябрь, 2002-жыл.

Пентагондун жетекчисинин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер АКШнын Куралдуу күчтөрүнө кайрылып, Ооганстандан жана Жакынкы Чыгыштан америкалык аскерлерди алып чыгуу жараяны ыкчамдай турганын айтты.

Миллердин 13-ноябрда жарыяланган кайрылуусунда «бардык согуштар токтотулушу керек жана үйгө кайтууга убакыт келди» деп айтылат. Ал өзү бул кызматка жакында эле дайындалган.

Миллер АКШ мурдагыдай эле «Аль-Кайида» террордук тобуна сокку урууга милдеттүү экенин белгиледи. Бул топтун согушкерлери АКШда ишке ашырган 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдарда үч миңге чукул киши курман болгон. Миллердин баамында, ушул тапта «террорчулар дээрлик жок кылынды».

Пентагондун расмий сайтына чыккан кайрылууда Миллер «маанилүү өткөөл мезгил» башталганын белгилеп, анын тушунда АКШ [башка өлкөлөргө аскердик жардам берүүдөгү] лидерлик ролдон эми көмөкчү функцияларды өзүнө көп аларына токтолгон.

«Согуштарды токтотуу - тил табышуу жана өнөктөштүк. Биз алдыбызга койгон бардык милдеттерди аткардык. Ага болгон күчүбүздү жумшадык»,- деп жазылган Миллердин кайрылуусунда.

Ушул тапта Ооганстанда тогуз миңге чукул америкалык жоокерлер бар. Америкалык күчтөр Жакынкы Чыгышта “Аль-Кайиданын” тарапташтарына каршы операцияларга да катышып келет.

Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү быйыл февраль айынын соңунда кол койгон келишимге ылайык, ооган өкмөтү менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин өз ара ички диалогун башташы керек эле. Мындай сүйлөшүү улам кийинкиге калып отуруп, 12-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG