Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

БШК: Президенттик шайлоого катышууга арыз бергендер 24 киши болду


Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК).
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК).

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн 25 киши арыз берип, бири арызын кайтарып алды. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, 12-ноябрда Асланбек Малиев, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев , Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева жана Элеонора Турдубекова арыз берди.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров БШКга расмий арыз тапшырышкан. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алды. Ошондо 13-ноябрда түшкө чейинки маалымат боюнча арыз бергендер 24 киши болду.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG