Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Австралия Ооганстандагы согуш кылмыштарын иликтөө үчүн прокурор дайындайт


Австралиянын премьер-министри Скотт Морисон
Австралиянын премьер-министри Скотт Морисон

Австралия Ооганстандагы ыктымал аскердик согуш кылмыштарын иликтөө үчүн атайын прокурор дайындайт.

Премьер-министр Скотт Моррисон 12-ноябрда билдиргендей, прокурор Ооганстандагы австралиялык атайын бөлүктүн аскерлеринин жүрүм-турумун иликтейт.

2016-жылы Австралиянын коргоо күчтөрүнүн башкы инспектору Ооганстандагы австралиялык аскерлер 2005-2016-жылдар аралыгында барган ыктымал кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүүлөрдү иликтей баштаган.

Буга австралиялык маалымат каражаттарынын аскерлер Ооганстанда карапайым тургундарды жана куралсыз камакта жаткан адамдарды өлтүргөнү тууралуу жазып чыкканы түрткү болгон.

Башкы инспектор Ооганстандагы австралиялык аскерлер барган 55 ыктымал кылмыш окуясын аныктаган. Моррисон белгилегендей башкы инспектордун редакцияланган отчёту жакынкы күндөрү жарык көрөт.

2001-жылдын 11-сентябрындагы терродук кол салуудан кийин АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскерлери менен биргеликте 40 миңдей австралиялык жоокер Ооганстанда жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG