Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

АКШда коронавирустан улам ооруканага түшкөндөр көбөйдү


Нью-Йорктогу китепкананын имаратынын алдындагы беткап тагылган эстелик.
Нью-Йорктогу китепкананын имаратынын алдындагы беткап тагылган эстелик.

АКШда коронавирус жугузуп ооруканага түшкөндөрдүн саны рекорддук чекке четти. Өлкөдөгү СOVID-19 вирусун аныктоо долбоорунун маалыматы боюнча, 10-ноябрда АКШда вирус жугузган 62 миңге жакын адам ооруканага түштү. Бул коронавирустун мурдагы толкуну болгон апрель, июнь айларындагы санга караганда алда канча көп. АКШда акыркы эки аптада ооруканага кайрылгандар 40% көбөйгөн. Ноябрь айынан башынан бери вирус жугузуп алгандар бир миллион адамдан ашса, күнүнө каза болгондор 1000ге чамалап жатат.

«Ооруканага түшкөндөрдүн саны пандемиядагы эң начар учуруна киргенибизди көрсөтүп турат», деп айтылат коронавирусту аныктоо долбоорунун маалыматында.

Буга чейин АКШда шайланган президент Жо Байден кызматка киришкен соң өлкөдө коронавируска консультациялык кеңеш түзөрүн жарыялаган. Бул кеңешке алдыңкы эксперттер кирери айтылган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 11-ноябрга карата дүйнө жүзүндө вирус жугузгандардын саны 51 миллиондон ашса, пандемия бир миллион 173 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG