Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

«Калашников» концернин транспорт министринин мурдагы орун басары сатып алды


Буга чейин «Калашниковдун» 75% акциясына Алексей Криворучко ээлик кылган.
Буга чейин «Калашниковдун» 75% акциясына Алексей Криворучко ээлик кылган.

Орусияда транспорт министринин мурдагы орун басары Алан Лушников «Калашников» концернинин жаңы кожоюну болду. «Коммерсантъ» басылмасы ал аталган компаниянын 75% акциясына ээлик кылган «ТКХ-Инвест» компаниясын сатып алганын жазды. «Калашниковдун» калган акциялары «Ростех» мамлекеттик корпорациясынын колунда.

Лушников концерндин акциясын 2018-жылы коргоо министринин орун басары болуп дайындалган Алексей Криворучкодон сатып алган. Бул тармакты ичинен билгендер Криворучко акцияны кызматынан улам сатып жибергенин айтышты.

Лушников соңку маалыматты ырастады, бирок сатып алуунун баасы тууралуу айткан жок.

«Коммерсантъ» басылмасынын каржы базарындагы булактарынын эсебинде, акциялар бир миллиард долларга бааланган. Ошондой эле, бул концерндин карызы абдан көп экенин, ошондуктан баасы төмөн болушу ыктымал экенин билдиришкен.

«Калашников» Орусияда ок атуучу куралдардын 95% жакынын чыгарат жана ушул тушта учкучсуз аппарат өңдүү заманбап курал-жарак чыгаруу менен алектенип жатат.

XS
SM
MD
LG