Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Хашим Тачи аскердик кылмыштар үчүн айыпталганын ырастады


Хашим Тачи.
Хашим Тачи.

Косовонун президенти Хашим Тачи ага аскердик жана адамзатка каршы кылмыш жасаган деген расмий айып коюлганын билдирди. Ал 5-ноябрдагы басма сөз жыйынында ушундан улам кызматтан кетүү тууралуу убадасын аткарарын айтты.

Ушул жылдын июнь айында Косоводогу кылмыштар боюнча сотто атайын прокурор Хашим Тачи менен парламенттин экс-спикери Кадри Весели баштаган бир канча адамга 1990-жылдардын аягындагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштардан улам айып койгон. Аты аталган адамдар күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анда атайын прокуратура кылмышка шектүүлөр «100дөй кишини өлтүрүү» жана «адамдардын дайынсыз жоголуп, кыйноого жана куугунтукка кабылганы» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп маалымат тараткан.

Хашим Тачи менен Кадри Весели 1990-жылдары Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын кол башчылары болгон. Албан улутундагылардан турган кошуун 1998-1999-жылдардагы согушта Белграддын коопсуздук күчтөрүнө каршы күрөшүп келген. Весели ушул тушта Косовонун Демократиялык партиясын жетектейт жана парламент депутаты.

Албандар үстөмдүк кылган Сербиянын провинциясында 1998-1999-жылдары элдик козголоң башталып, Белград аны күч менен баскан. НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен. Кагылышууда 10 миңден көп киши өлгөн, 1600дөн ашуун адам азыркыга чейин дайынсыз.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан эгемен өлкө деп жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөдөгү 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү таанышкан. Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө Косовону дагы эле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептейт.

Эки өлкө тең Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө умтулуп келатышат. Шаркеттин шарттарына ылайык, алар өз ара сүйлөшүп, ортодогу маселелерди чечүүгө тийиш.

Сентябрь айында эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү Вашингтондогу жолугушууда экономикалык мамилелерди турукташтыруу боюнча келишимге жетишкен эле.

XS
SM
MD
LG