Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

COVID-19: Дания суркүзөндөрдүн баарын жок кылат


Данияда норка багылган миңден ашык ферма бар.
Данияда норка багылган миңден ашык ферма бар.

Даниянын бийлиги айрым фермалардагы суркүзөндөрдө (норкаларда) коронавирустун өзгөчө туруктуу мутациясы аныкталгандан кийин миллиондогон макулукту жок кылууну чечти. Өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен мындай чечим коронавирустун мутацияланган штаммы жаныбарлардан адамдарга жуккан учурлар катталгандан кийин кабыл алынганын билдирди.

Даниядагы суркүзөн багылган фермаларда оору жуккан учурлар июнь айынан бери катталып жатат. Иликтөөлөр аларда аныкталган мутацияланган вирус антиденечени көп сезбей турганын аныктаган. Фредериксен бул жагдайды «өтө олуттуу» деп атады жана мунун айынан кийин адамдарды коронавируска каршы эмдөө натыйжалуу болбой калышы ыктымал экенин эскертти.

Суркүзөндөрдү жок кылууга полиция, армия жана өлкөнүн улуттук гвардиясы тартылмакчы.

Дания - суркүзөндүн терисин чыгарган дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири. Мындай макулулуктар багылган миңден ашык ферма бар жана анда сүркүзөндөрдүн саны 15 миллиондон ашат. Ушул күнгө чейин 60тан ашык фермадагы норкалар жок кылынды.

Жаратылышты коргоо уюмдары муну трагедия деп аташты. Жан-жаныбарлардын, макулуктардын таламын талашкандар Дания өкмөтүн бул жагдайды пайдаланып мындай тармакты биротоло жаап салууга чакырышты.

Ушул жылдын июнь айында Нидерланддардын бийлиги да норка баккан фермаларда мындай окуялар катталгандан кийин бул макулуктарды жок кылган.

XS
SM
MD
LG