Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Министрлик: 2020-жылдын тогуз айында өлкө боюнча 27 миң киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2020-жылдын тогуз айында 27 миң кишинин өлүмү катталган. Бул тууралуу Каратаев 5-ноябрдагы парламент жыйынында билдирди.

«Статистика боюнча өлүмдүн саны былтыр 33 миң болгон, ага чейин 35 миң, бир жылдары 56 миң болгон. Быйыл тогуз айда 27 миң болду. Анын 52% жүрөк ооруларына байланыштуу. Пневмония 2,3% түздү», - деди Каратаев.

Айрым депутаттар кээ бир айылдарда өлүм көп катталып жатканы жөнүндө айтып, алардын диагнозун аныктоо боюнча суроо беришкен.

Коронавирустан 5-ноябрда төрт киши каза болду. Март айынан бери жалпысынан бул илдеттен каза болгондор 1167 адамга жетти. Стационардык дарыланууда 3430 адам бар, 3746 бейтап үйүндө дарыланып жатат. Октябрь айынан бери вирус күчөп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG