Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:58

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары төрагалыкка көрсөтүлгөн Талант Мамытовдун талапкерлигин колдошту. Талант Мамытов – президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, Талант Мамытов анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

Эртең менен Канатбек Исаев парламенттин төрагасы кызматын тапшырган. Муну саясатчы өзү жетектеген "Кыргызстан" саясий партиясы президенттикке талапкерликке сунуштап жатканы, бул сунушту кабыл алганы менен негиздеди.

12:01 4.11.2020

Депутат Өмүрбек Текебаев: - Көпчүлүк бүгүнкү төраганын алмашканын тактикалык кадам катары түшүнүүдө: досу шайлоого кетсе, ошонун ордун кайтарганы коюп атат деп түшүнүп жатат. Бирөөнүн ордун кайтарып эмес, өлкөнүн мыйзам сакчысы болуп келатасыз. Бүгүнкү парламентти жакшы да, жаман да көрүшөт. Бирок биз жалгыз легитимдүү органбыз.

11:53 4.11.2020

Депутат Талант Мамытов: - Арабызда тажрыйбалуу депутаттар бар, беш жыл чогуу иштедик. Ушул тажрыйбаны бирге колдонолу. Мага силердин колдооңор керек. Эгерде бүгүн мени шайлап берсеңер, мен баарыңарга калыс карайм деп сөз берем. Башка фракциялардан деле талапкерлер чыкса болмок. Бирок баарыңар мени көрсөттүңөр. Элдин, силердин ишеничиңерди актап берем деп ишенем.

11:50 4.11.2020

Депутат Талант Мамытов: - Коомдук, саясий, экономикалык, эпидемиологиялык оор жагдайда “Республика – Ата Журт” фракциясы менин талапкерлигимди сунуштады. Албетте ичимден кыжаалат болуп турам, сүйүнгөн жокмун. Бирөө креслону ойлосо, башкасы үчүн бул кызмат чоң жоопкерчилик. Мен баарынын астында жоопкерчилигимди сезип атам. Бүгүнкү парламент миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык иштей беребиз деп ишенем. Легитимдүү бийлик бар, толкундоого карабастан баары укук талаасына кайтып келди. Бүгүнкү парламент өз милдеттерин толук аткарууда.

11:33 4.11.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG