Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Адвокат: Ноокаттык үй-бүлө милицияны айыптоодо


Кабылжан Алижановдун жубайы жана уулдары.
Кабылжан Алижановдун жубайы жана уулдары.

Ош облусунун Ноокат районунда жашаган үй-бүлө жергиликтүү милициянын кыйноосуна кабылганын айтууда. Бул тууралуу 3-ноябрда «Азаттыкка» укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, окуя быйыл 6-сентябрда катталган, 52 жаштагы Кабылжан Алижанов атуу жаранга карата опузалоо болгон.

«Райондук милицияга алып барып сабап, «баңгизат салып коебуз» деп коркутуп, аябай кыйнаптыр. Эртеси күнү милиционерлер жеке нотариуска алып барып, «575 миң сом төлөйсүң» деп баласына жаздырыптыр. Ошентип кыйнагандан кийин ал коркуп, Орусия жакка качып кетиптир», - деди ал.

Рузиев белгилегендей, буга чейин Алижанов Орусияда иштеп келген жана ошол жактагы өнөктөшү аны алдамчылыкка айыптап, маалыматты кыргыз тарапка жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө Алижановдун үй-бүлөсү Бишкекке келип, ички иштер кызматкерлерин жоопко тартууну суранып өлкө жетекчилигине жана тийиштүү органдарга кайрылып жатышканы белгилүү болду.

Адвокат Рузиевдин айтымында, алардын Ноокат райондук прокуратурасына кайрылуусунан майнап чыккан эмес.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев милициянын дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Алижанов коркутуп-үркүтүү тууралу арыз жазганын, бирок өзү Орусияга кетип калгандыктан беттештирип, тергөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдирди:

«Исманалиев деген адамды милиция кызматкери деп билдиришкен экен. Ал эч качан милицияда иштеген эмес, жеке ишкерлик менен гана алектенип жүргөн. Ички иштер органдарынын кызматкерлери коркутканы тууралуу арызданышыптыр. Бул боюнча облустук прокуратурага жана УКМК башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Териштирүү жүрүп жатат».(RK)

XS
SM
MD
LG