Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Үй-бүлө: тарбиядагы системалык муктаждык


Жигердүү, шайыр кыздар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында. 09.9.2016.
Жигердүү, шайыр кыздар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында. 09.9.2016.

Ата-эне өз урпагын жөн гана эрезеге жеткирип тим болбостон, ар бир улан-кызды жоопкерчиликти сезе билген жана мойнуна ала билген, терең билимге умтулган жаран катары телчитиши зарыл. Илимпоз, педагог Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке муктаждыктарынан тышкары, үй-бүлөнүн да система катары белгилүү муктаждыктары бар. Бул муктаждыктардын жеткиликтүү орундалып орундалбагандыгына карап, тийиштүү үй-бүлөнү толук кандуу же толук кандуу эмес (Педагогиканын тилинде функционалдык же дисфункционалдык) үй-бүлө деп баалоого болот.

1. Ата-эне

Ата-эне – ар бир үй-бүлөнүн эң негизги муктаждыктарынын бири болуп саналат. Эгерде үй-бүлөдөгү ата же апа өзүнүн милдетин толук кандуу аткара албаса, үй-бүлө мүчөлөрү жаңы «ата» же «апа» издешет... Мисалга, ата аракеч болсо же ошого окшогон белгилүү себептер менен аталык озуйпасын так аткара алба жатса, үй-бүлө мүчөлөрү автоматтык түрдө авасын, таекесин же эрезеге жетип калган уул баланы «ата» катары көрө баштайт. Кудум ушундай эле, үйдүн апасы, мисалга, балдарына мээримин төгө албаган, алардын жан дүйнөсүнө кирип, түшүнүктүүлүк менен мамиле жасабаган аял болсо, анда балдар атанын карындашын (айрым жерлерде “апеже”, “апче” делет), таежесин же үй-бүлөнүн улуу кызын (өз эжесин) «апа» катары көрө баштайт.

Мисалга, элет турмушун алсак, бир үй-бүлөдө кудалар кыздын колун сурап келе турган болду дейли. Анын кабарын кыз апасына түз айтуудан тартынып турат. Анткени, апасы муну укканда дароо ызы-чуу чыгараары, кызын бир сыйра урушаары, натыйжада келген кудаларды да жакшы кабыл албай коюшу мүмкүн экенин үйдүн кызы жакшы билет... Андыктан ал кабарды улуу эжеси же жеңеси аркылуу айттырса, анда ал үй-бүлөдөгү апанын өзүнүн энелик милдетин толук аткарбай жаткандыгынан кабар берет.

Түшүнүктүү болгондой, бул жерде ата же апа аткарган коомдук рол (social role) сөз кылынып жатат. Коомдук түзүмдө атага да энеге да белгилүү милдет, коомдук озуйпа жүктөлөт. Мына ошол озуйпа аткарылбай калган учурда, аны орундатуу озуйпасын кабыл алган киши ал үй-бүлөдө ата же эненин ролун жон териси менен тарта баштайт.

Көңүл буруңуздар! Балдардын ата-энеси болуу үчүн, алардын биологиялык ата-энеси болуп коюу гана жетиштүү болбойт. Эгерде ата-эне балдардын жан дүйнөсү менен туура эсептешпесе, руханий, моралдык муктаждыктарын орундатпаса, анда балдар, акырындык менен ал озуйпаны моюндаган башка кишилердин уул-кызы болуп кетиши мүмкүн.

2. Барктоо

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири баркталууга тийиш; алардын ар бири беделдүү, барктуу экендигин, ал үй-бүлөдө уникалдуу орунга ээ экендигин сезе билген атмосфера жаралуусу керек. Эгерде ал деңгээлге жетишилбесе, анда дисфункционалдык үй-бүлөнүн пайда болушуна шарт түзүлөт. Албетте, мындан эң чоң зыянды ириде балагатка толо элек жаш балдар тартат.

Мисалга, элетте үйдүн жаш баласы көчөдө көп ойноп койсо же апасы жактырбаган коңшусунун баласы менен ойноп койгон кезде апасынан тил угуп калышы, балким, бир эки шапалак ойноп кетиши – табигый көрүнүш. Мындай окуядан алиги бала: «Демек, мен барксыз экенмин да», – деген гана көңүлү калчу тыянак чыгарат. Анткени, бала үчүн оюн ойноо, жактырган досу менен ойноо – жашоонун бир бөлүгү, турмуш чындыгы болуп саналат. Бала табигый түрдө ойногусу келет жана бул – анын муктаждыгы.

Апасынан жеме уккан учурда ойноок бала: «...апам мени көп ойнобой, анын ордуна сабак окусун, ал дагы да пайдалуу деген ойдо урушту, мени жаман көргөн үчүн урушкан жок» деп тыянак чыгара албайт. Мындай мамилеге кабылган соң, ал дароо: «Мен барксызмын, керексизмин, жаманмын», – деген тыянакка келет. Бул баланын тарбиясы үчүн аябай коркунучтуу.

Дал ошондой эле, жактырбаган коңшусунун баласы менен ойногону үчүн уруш уккан учурда, мындай бала: «...апам коңшу эжей менен мамилеси жакшы болбогондуктан анын уулу менен ойношумду каалабай жатат. Аныгында, менин «оюн ойноо» деген табиятымдагы муктаждыгыма каршы эмес», – деген тыянакка келип, өзүн абалдан арылтып кете албайт. Бул учурда да ал өзүн ыңгайсыз сезип: «Демек, оюн ойноо менен туура эмес кылып жатат экенмин», – деген ойго көмүлө берет.

Эң жаманы, бара-бара бала оюн ойноо, сүрөт тартуу, музыка угуу, эс алуу, өзүн жакшы көрүү, учуру келгенде кызга уландык сүйүүсүн билдирүү деген сыяктуу табигый муктаждыктарын кандайдыр бир кемчилик, жаман нерсе катары кабыл ала баштайт жана аны орундатуудан кача баштайт. Мисалга, достору менен топ ойногусу келгендиги үчүн, ичинен бул муктаждыкты туйгандыгы үчүн өзүн айыптуу, күнөөлүү сезе баштайт...

Статистикалык маалыматтарга таянсак, жашы жете элек туруп эрки менен жыныстык катнашка барган кыздардын көпчүлүгү: «Мен да барктуумун, мени да барктагандар бар экен», – деген сезимди жашаш үчүн мындай кадамга бараары айтылат. (Албетте, биз мыйзам тастыктаган нике жашынан кийин гана үй-бүлө курууга ж.б. чакырабыз).

Так ошондой эле, жаш балдардын мектеп окуучусу кезинен тартып эле кылмыштуу топторго кошулуп, өлүм менен жыйынтыкталган окуяларга чейин аралашкандыгынын артында жаткан себептеринин бири да ушул. Жеткинчектердин бул кадамы өздөрүн барктуу көрбөгөн үй-бүлөлөрүнө же башка чөйрөгө каршы алардын аянычтуу туруму катары көрүлүүгө тийиш.

Жаштардын «бузулуп» бараткандыгын, мектеп окуучуларынын арасында уруш-талаш көп катталып жаткандыгын, натыйжада мектептен тартып эле кылмыштуу топторго кошулуп кеткендердин көбөйүп бараткандыгын аңдап, тынчы кеткен ата-энелер жана мугалимдер, эң башта, маселенин ушул жагын да эске алууга тийиш.

3. Ишенич жана жардамдашуу

Бул дагы үй-бүлө системасынын муктаждыктарынын бири болуп саналат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон ишеничи жана жардамдашуу сезими толук кандуу калыптанса, ал үй-бүлө коопсуз башпаанекке айланат. Натыйжада бири-бирине ишене алган, жардамдаша алган үй-бүлөдөн чыккан киши үчүн сырттагы кейиштүү, негативдүү нерселер (стресс, ж.б.) кыйратуучу мааниге ээ боло албайт. Башкача айтканда, бул сезимдер басымдуу болгон үй-бүлө сырткы жашоодогу ар кандай терс маанидеги көрүнүштөрдөн, кооптуу нерселерден кишиге өзүн кепилдикке алууга мүмкүндүк берген ишеничтүү жана коопсуз башпаанек болуп бере алат.

Бул жагымдуу таасир жана калка көптөгөн пайдалуу иштердин башаты болуп бере алышы барыбызга түшүнүктүү болсо керек.

4. Жоопкерчилик

Кээ бир ата-энелер балага жоопкерчилик жүктөгөндө аша чабат, кээ бирлери болсо жоопкерчиликти өз мойнуна жүктөгөндөн такыр качат.

Биринчи топтогу ата-энелер ички ата-энеси (inner parent) (Жеке сезимдерге караганда коомдук эрежелерди, «Эл эмне дейт?» дегенди биринчи орунга койгон, өзүн чектеген, эрежеге катуу баш ийген ички күч) өтө өнүккөн, пландалбаган, кишинин ичинен келген (spontaneous) (бул терминдердин түшүндүрмөсү үчүн «Үй-бүлө – коомдун таалимдик чеби» аталышындагы макаланы караңыз) нерселери катуу чектелген, өзүнө катуу эрежелерди коюп жашаган баланы телчитип өстүрөт...

Ал эми экинчи топтогулар болсо, өзүнүн жеке жашоосун да пландай албаган, эрксиз, өзүнө ишеними төмөн, көбүнесе башкалардын багыттоосу менен кадамын буруп турган индивиддерди тарбиялап чыгарат...

Аныгында, балдарга өздөрүнүн жаш курагына ылайык кылып жоопкерчилик жүктөө – эң туурасы! Бул ата-эненин балага берген эң чоң белектеринин бири болору шексиз. Анткени, ушундайча бала өз кыймыл-аракеттерин жоопкерчилик сезиминин чийилген сызыгынан чыкпай жасап, өз эркин калыптандырууну үйрөнө баштайт...

5. Кыйынчылыкка каршы күрөшүү жана аны жеңүү

Жоопкерчилик сезими тууралуу айтылгандар бул жерде да өтүмдүү. Бала өзүнүн жаш курагына ылайык кыйынчылык, мүшкүл менен күрөшүп чоңоюшу керек. Балага бардык нерсени даярдап берүү, аны тынбай асыроо, коргоо туура эмес. Бул жерде бир нерсени так, туура белгилеп алуу зарыл. Бала үчүн атайын кыйынчылык, тоскоолдук жаратуу, ага каршы керт башы менен алышууга үйрөтүү дегенде балдардын күчү жетпеген, кооптуу, зыяны тийип кала турган атмосфера жөнүндө сөз болгон жок. Мында аң-сезимдүү түрдө даярдалган, зыяны тийбеген, коопсуз, бирок, ошол эле учурда, алар менен бала өзү күрөшүүсү керек болгон атмосфера жаратып берүү тууралуу сөз болуп жатат.

Мисалга, бир бала отургучка асылып, ага чыгууга аракеттенип жатса, жыгылып кетишинен коркуп, баланы алып койбош керек же кыйналбасын деп көтөрүп чыгарып койбош керек. Тескерисинче айланасында катуу же шиш нерселер болсо алып салып, жыгылган учурда бала эч жараат албай тургандай кылып, аны тек коюш керек. Бала жыгылганды, кайра аракет кылганды, кайтып кетпегенди, тырышканды ушундай майда нерселерден деле үйрөнө берет.

Эгерде баланын алдынан чыккан бардык эле тоскоолдукту, көгөйлүү маселени ата-эне өзү чече берсе, анда ата-эне ар дайым башкалардан жардам күткөн, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө, күчүнө ишенбеген, жеке таланттарын тааный албаган, өзүнө ишеними аз урпакты тарбиялап жетиштирген болот.

Көрсө, элет жеринде жаш балдарга кой, эчки, музоо кайтартуу, дарактан мөмө тердирүү, эгин-тегин иштерине кол кабыш кылдыртуу, аша чаппаган учурда, балдардын тарбияланышы үчүн пайдалуу экен.

7. Рухий турмуш

Үй-бүлө системасынын соңку муктаждыгы – рухий турмуш (spiritual life). Бул жерде белгилүү бир диндин же агымдын жөрөлгөлөрү, догмалары жөнүндө сөз болбой жаткандыгын дароо белгилеп өтүү керек. Бул жерде сөз болуп жаткан рухий жашоо – ааламды терең маанилердин айланасында бир бүтүн катары көргөн дүйнө көз карашын чагылдырат.

Киши, жогорудагы муктаждыктардын бардыгы жетиштүү түрдө камсыздалган үй-бүлөдө чоңойсо, анын жашоосун феноменалдык деңгээлде бүтүн, купулга толгон, телегейи тегиз жашоо деп атаганга болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, жогоруда сөз болгон муктаждыктары камсыздалган үй-бүлө системасы кишиге бул дүйнө менен байланыштуу эң сонун шартты түзүп берет.

Ал эми бул жерде сөз болгон рухий турмуш, дагы да тереңирээк ой жүгүрткүсү келген, жашоо тууралуу дагы да тереңирээк билгиси келген, күнүмдүк жашоосун дагы да терең негиздер менен байланыштыргысы келген кишилер (индивиддер) үчүн зор мааниге ээ.

Өлкөбүздөгү диний маанидеги ишмердүүлүк жүргүзүүдө бул жагдайды эске алуу абзел. Тактап айтканда, киши толук кандуу киши болуп калыптануу жолунда белгилүү жолду басып өткөн соң, рухий турмушун калыптандыра турган жетиштүү педагогикалык, психологиялык пайдубал пайда болгон соң гана ага диний таалим-тарбия берүү орундуу боло тургандыгы айтылып жатат. Менимче, көпчүлүктү кыжырданткан айрым туура эмес диний көрүнүштөрдүн тереңинде педагогикалык жана психологиялык жактан толук кандуу киши болуп калыптана элек индивиддердин диний чөйрөнү каптап кеткени жатат.

Кыскасы, мектепте физика, биология, химия, астрономия, география, коом тарыхы сабактарын жок дегенде төрткө окубаган балага рухий жана диний маалымат гана берүү –– мындай улан-кызда ааламга карата бир тараптуу, тар көз карашты пайда кылууга гана шыкакчы болушу ыктымал...

Соңку эки ооз кеп

Демек, коомго эрезеге жеткен өзүнчө мүчө катары кошоордо бет кызарбай тургандай болуп, ата-эне өз баласын туура тарбиялоо үчүн ар тараптуу аракет жасашы талап кылат экен. Баланын өзүнө карата гана чара колдонуп, анын айрым жосунсуз кылык-жоругун оңдоо үчүн арга издөө менен гана чектелбей, ал чоңойгон үй-бүлө системасын да көңүл чордонго алуу зарыл.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Балким, кеч болсо да, өзүбүз түзгөн жана түзүп жаткан үй-бүлө системасынын маңызын көздөн өткөрүү, балдардын таламы үчүн ата-энелердин өздөрүнүн тийиштүү өзгөрүүлөргө бара билүүсүнө жетишүү – өз урпагынын тарбияланышындагы кедерги жана кемтикти өздөн эмес, өзгөдөн издеп жүргөн далай замандаш ата-энелердин ички үй-бүлөлүк көйгөйүн чечүүчү дабаа болуп жүрбөсүн?..

Элмурат Кочкор уулу,

блогчу, Түркия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG