Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

«Түндүкэлектр» ишканасынын жетекчисинин алмашуусу боюнча митинг жок, нааразылык бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүкэлектр» ишканасынын өкүлдөрү жетекчиси иштен алынып, анын ордуна жаңы адам дайындалганына нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу 29-октябрда «Азаттыкка» компаниянын маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Бактыбек Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, 27-октябрда Доскул Бекмурзаевдин ордуна башкы директорлукка Улан Астаркулов дайындалган.

Жакыпов жетекчилик кызматта иштегенине 1,5 ай болгон Бекмурзаевдин алынышын «энергетиктердин намысын тебелеген окуя» деп баалап, башкы директорду алмаштырууда мыйзам одоно бузулганын айтты. Мунун себебин ал Бекмурзаевдин иштен кетүү тууралуу арызында 28-октябрь деп жазылып турганы, ал эми жаңы жетекчи 27-октябрда дайындалганы менен түшүндүрдү:

«Бекмурзаев биздин көйгөйлөрдү ичинен түшүнгөн киши. Ал жумуш жолун монтёрлуктан баштаган. Андан кийин диспетчер, башкы инженер, улук уста болгон, РЭСтин, кызматтардын, бир бөлүштүрүүчү компаниянын жетекчиси, министрдин орун басары болуп иштеген. Жумушунан сөгүш албаса, ага карата кылмыш иши козголбосо, иштен кетүү тууралуу арызы болбосо да алып жатышат».

Жакыпов нааразы кызматкерлер «Улуттук энергохолдингге», Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна барып кайрылышканын, бирок жооп болбой жатканын айтты.

«Түндүкэлектр» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 27-октябрь күнү компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Бекмурзаев бошотулуп, анын ордуна Астаркулов дайындалды. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «Улуттук энергохолдинг» менен макулдашылган.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен.

Мекеменин басма сөз кызматы 29-октябрда расмий билдирүү таратып, Астаркуловдун дайындалышына каршы митинг өтөрү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, ишкананын жамааты кадимки тартипте ишин улантып жатканын маалымдады. Энергетика тармагынын саясатка тиешеси жок экенин белгилеп, «ыктымал митингдер тууралуу маалыматтар чагым болуп эсептелет жана электр жабдыктарын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо аракеттерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн» экенин кошумчалады.

«Түндүкэлектр» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания. (RK)

XS
SM
MD
LG