Тажикстандын Дүйшөмбү аэропортунун коопсуздук кызматкери акыркы тогуз айдан бери маяна берилбегенине нааразы болуп өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Шерафган Хожакуловдун өлүмүн өлкөнүн Ички иштер министрлиги ырастаган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Шерафган Хожакуловдун жакындарынын маалыматына караганда, маркум тогуз айдан бери айлыгын ала албай келген. Анын жыйынтыгында жашаган батир акысын төлөй албай, кожоюну үйдөн чыгарып салган.
Буга нааразы болгон Хожакулов жумушуна барып, дагы бир жолу маянасын ала албаган соң туугандарына «сөөгүмдү аэропорттон алып кеткиле» деген билдирүү калтырып, өзүн атып салган.
Окуя боюнча азырынча Дүйшөмбү эл аралык аэропорту эч кандай комментарий бере элек.