Грузиянын чыгышындагы Зугдиди шаарында куралдуу адам жергиликтүү банк бөлүмүнүн кызматкерлерин жана кардарларын барымтага алды.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастады. Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктын» грузин кызматынын кабарчысынын айтымында, беткап тагынган адам тапанча менен имаратты аткылаган. Бир нече адам имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн.
Учурда банктын имаратынын ичинде беш кызматкер жана белгисиз сандагы кардар бар экени кабарланууда. Имаратты полиция курчоого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кылмышка шектүү эмнени талап кылып жатканы азырынча белгисиз.