Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Салянова: Кумтөрдүн 1,5 млрд. сом салыгынын кечирилишине тиешем жок


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова өзүнүн дарегине карата президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2012-жылы берген маалыматын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирде төгүндөдү.

«Бүгүнкү күнү Интернетте түрдүү форматта, мени каралоо максатында таратылып жаткан «Салянова Юстиция министрлигинде статс-катчы болуп турган мезгилде «Кумтөр» ишканасынын салыктарын кечүүгө жол берген» деп, мени Садыр Жапаров айыптап жаткан видеотасма тууралуу маалымат берип коюуну туура таптым. Садыр Жапаров мени «2009-жылы «Кумтөр алтын кенинин салыктарын төлөбөй эле койсо болот» деген аныктама чыгарып бергени үчүн ошол мезгилдеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов өзүнүн буйругу менен «Кумтөр голд компани» ишканасынын 1,5 млрд. сом салыгын кечип жиберген» деп айыптап жатканы туура эмес. Ал кезде мен Юстиция министрлигинин статс-катчысы болчумун. Жапаров өзү Коррупцияга каршы агенттикти жетектеп турган. Анын ошол кездеги жакын досу, партиялашы Акматбек Келдибеков Мамлекеттик салык кызматынын башчысы эле. Алар кайда карап отурушкан? Мен Юстиция министрлигинин статс-катчысы катары ири бир ишкананын салыгын кечирип жиберүү укугум жок эле», - деди Аида Салянова.

Салянова бул маалыматтар 2012-жылдан бери дайыма Интернет аркылуу, соцтармактарда жайылтылып, таркатылып келе жатканын белгиледи.

2009-жылы 15-декабрда кыргыз өкмөтү ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун буйругу менен «Кумтөр голд компани» ишканасынын 1,5 млрд. сом салыгын кечкен. Садыр Жапаров бул маселени 2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, Кумтөр алтын кенин иштетүүчү «Центерра голд инк» ишканасы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы болуп турган учурунда байма-бай көтөрүп турган.

Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарыш керек деген позицияны карманып келген Садыр Жапаров быйыл 13-октябрда өкмөт башчылыкка шайланып жаткан учурда бул ойдон эки жыл мурда кайтканын минтип билдирген:

«Сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Анткени, сегиз жылдан бери казып, алтындын запасы калбай деле калды. Аны алыштын кажети жок» деп эки жыл мурда журналисттерге айткам».

Садыр Жапаров «2013-жылы бийлик адамын барымтага алган» деп айыпталып, камалган Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндөгү башаламандык маалында тарапташтары түрмөдөн бошотуп алышкан. Саясатчы өзүнүн өзүнүн сот жообуна тартылышын бийликтин саясий куугунтугу катары баалап келатат.

14-октябрда ал өкмөт башчы болуп шайланып, 15-октябрда президенттин милдетин аткарууну колуна алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG