Кумтөр кенине байланыштуу оор беренелер менен соттолуп, дээрлик төрт жылдай абакта отурган Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан кийин акталып чыгып, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алды.
Саясий айдыңга көз салган серепчилер Жапаров башында турган жаңы бийликтин негизги милдеттерин атай башташты.
Саясатчы Равшан Жээнбеков өткөөл мезгилде мамлекетте тез аранын ичинде жасалышы керек болгон иштерди санап, алардын аткарылышына жараша бул бийликтин келечектеги тагдыры аныкталарын билдирди:
«Шайлоону таза өткөрүү маселеси турат. Бул аябагандай маанилүү маселе. Экинчиси - кышка даярдык. Мунун ичинде коронавирус да бар. Бул бийликти сынайт. Үчүнчүсү - казынага акча тартып келүү. Ошол эле биз айтып жаткан эл аралык коомчулуктан, Орусиядан жана башка мамлекеттерден алып келип, пенсия, айлык акы маселесин чечиш керек. Ушундан чыгып кетсе, бул бийликтин келечеги болот. Жасай албай калса кыйын болот».
Жергиликтүү серепчилер да шайлоо, коронавирус илдетинин экинчи толкуну, пандемиядан улам эңшерилген казынаны толтуруу маселеси бул бийликтин дараметин сынай турганын айтып жатышат.
16-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев Жапаров учурда эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болгонун белгилеп, бирок коомчулук мамлекеттеги чукул өзгөрүүлөрдү күтүп турганын, элдин урмат-сыйы жек көрүүгө тез эле алмашышы мүмкүн экенин эскертти:
«Бул - эбегейсиз бийлик. Бирок мен сиздин абалыңызга суктанбайм. Тескерисинче аяйм. Анткени эл чоң максаттарды коюп, алардын толук жана тез аткарылышын күтүп жатат. Эл керемет күтүп жатат. Аны аткаруу кыйын болот. Урмат-сый, сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу каш менен кабактын ортосунда экенин унутпайлы. Эгерде мамлекет жетекчисинин даяр иш планы болсо 100 күндө көп ишти бүтүрүп, бүтүрбөсө да баштап койсо болот».
Жарандык активист Адил Турдукулов жаңы бийлик жакын арада экономикалык чоң секирик жасашы реалдуу эмес деп эсептейт. Турдукулов экономикалык долбоорлордо элге жаккан популисттик кадамдарга барбоого чакырат. Ал саясий туруктуулукту камсыз кылуу да экономикага таасир этерин белгилеп, анын ичинен саясий иштерге байланыштуу камалгандардын ишин калыс карап чыгыш керек деп эсептейт.
«Сооронбай Жээнбеков «буга чейинки соттолгон адамдар мага тиешеси жок, мага чейин болгон» деп келди. Ошол эле Жапаровдун азыркы убакытка чейин камалып келгени ушул абалга салым кошту. Саясий жактан бийлик вакууму болуп калган. Азыр деле Садыр Жапаров бир топтун гана лидери. Аны улуттук лидер, президент катары кабыл алыш үчүн негизги иштердин бири катары саясий куугунтукту токтотушу керек», - деди Турдукулов.
16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров кыскача гана сүйлөдү. Жапаров алдында турган милдеттерди аткарууга болгон күчүн жумшай турганын айтты:
«Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга бардык күч-аракетимди жумшайм. Ички жана тышкы саясат мурда кандай болсо, ошондой улантууга аракет кылам».
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, алардын төртөө өткөн. Кийин нааразылык акцияларынан соң бул шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган.
Шайлоодон кийинки саясий кризис президенттин, парламент төрагасынын жана өкмөт башчынын кызматтан кетишин шарттады. Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин 16-октябрда кабыл алды.