Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Улуттук банк 17,1 миллион доллар интервенция жүргүздү


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү.

Улуттук банк билдиргендей, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болду.

2020-жылдын башынан бери Улуттук банк ушуну менен 14 жолу интервенция жүргүздү. Анда жалпысынан 303,3 миллион доллар валюта базарына чыгарылды.

Бишкектин валюта базарларында, valuta.kg сайтында учурда бир доллар 81,5 сомдон алынып, 81,53-81,90 сомдон сатылып жатат.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 15-октябрда бир доллар 79,68 сомго барабар болсо, бүгүн, 16-октябрда 80,70 сомго көтөрүлдү. (NT)

XS
SM
MD
LG