Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Осмоналиев: Садыр Жапаров өзү да кырдаалдын барымтасында калгандай туюлуп жатат (видео)


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев 15-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал кечээ президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн президентти кетирип, эми парламенттин кетишин талап кылып жатышканына түшүнбөгөнүн билдирди:

«Менде ушундай ой пайда болду: Садыр мырза өзү да кырдаалдын барымтасында калып жатат. Балким ал жерде түрдүү адамдар болуп жатканы да таасир этиши мүмкүн. «Кетсин» деп тургандардын көпчүлүгү жаштар, талаптары улам өзгөрүлүп жатат».

Каныбек Осмоналиев быйыл жазында Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылган митингден кийинки башаламандыкта кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган эле. Ага Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») боюнча айып коюлуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Кайсы бир саясий күчтөр тарабынан өкмөт башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн Садыр Жапаровду бул кызматка бекитүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары эки жолу кезексиз, бир жолу кезектеги жыйынга чогулду. Акыры 14-октябрда парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитип, анын өкмөтүнүн курамына жана түзүмүнө макулдугун берген. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Жапаров андан кийин Жээнбековдун президенттик кызматтан кетишин талап кыла баштаган. Натыйжада Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда мекендин тынчтыгы жана элдин өмүрү үчүн президенттик кызматтан баш тартарын жарыялады.

Садыр Жапаров мурдараак аянтта митинг кылып турган тарапташтарына келип жолугуп, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев кызматтан кеткенин, эми өлкөнүн президенти жана премьер-министри өзү экенин жарыялады.

Исаевдин тарапкерлери ал арызын жазбаганын билдирүүдө. Спикердин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG