Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Юристтер: Өзгөчө абал тууралуу жарлык мыйзамсыз


Бишкектеги митинг учурундагы башаламандык. Ала-Тоо аянты. 9-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги митинг учурундагы башаламандык. Ала-Тоо аянты. 9-октябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу 9-октябрда чыгарган жарлыгы мыйзамсыз. Бул тууралуу Кыргызстан юристтери тараткан билдирүүдө жазылган.

«Бүгүн, 9-октябрда президент Жээнбеков саат 20:00дөн тартып Бишкектин аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарды. Акыркы үч күндө Бишкекке кылмыштуу топтор агып киришкенин элдин баары билет. Бул убакта күч кызматтарынын айрым бир бөлүгү гана иштеп, көпчүлүгү криминалдын коркунучунан улам формаларын чечип коюшту. Президент атайын эле кылмыштуу топторго ээн-эркин шарт түзүп, ал эми аскерлерге элге каршы курал колдонуу укугун берип жаткансыйт. Саат 20:00дөн тартып, күч кызматтары элди өзгөчө абалдын талаптарын сактоого мажбурлап, курал колдонушу жаңы нааразылыкка, массалык башаламандыкка алып келет», - деп жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле президент өзгөчө абал тууралуу жарлыкты чыгарган соң, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүүгө тийиш экени айтылган. «Бүгүнкү кырдаалда парламент жыйынга чогула албай жатканын эске алганда, жарлыктын күчүнө кириши али белгисиз», - деп белгиленген.

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык өзгөчө абал 21-октябрга чейин созулат. Саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болот. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат.

Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. Регламентке ылайык, парламент жарлыкты үч күндүн ичинде карашы керек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге төрт ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG