Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Адвокат Токтосунов: «Жапаровдун тарапташтары чагымчылдыкка барган жок»


Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Садыр Жапаровдун митингде сүйлөгөн жактоочусу, юрист Шарабидин Токтосунов «Ала-Тоо аянтындагы чатакка, кол салууга Жапаровду колдогон митингчилердин тиешеси жок, бул жөн гана чагымчылдык» деп билдирди.

«Митингдеги эч ким Ала-Тоо аянтына барбасын, чагымчылдарга алдырбагыла, Жапаров элдин арасына келбесе да бизди көрүп жатат. Ал эл менен», - деди ал.

Кечке жуук Өкмөт Үйүнө жанаша жайгашкан Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, «Акыркы үмүт» саясий биримдигинин тарапкерлери өткөрүп жаткан митингде башка адамдардын кийлигишүүсү менен чатак чыгып, анда кеминде эки киши жараат алганы кабарланды.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери өткөрүп жаткан митингдин модераторлору чогулгандарды кетпей турууга үндөп, жылкы союлуп, боз үй тигилип жатканын маалымдады. Ага катышып сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн ар кайсы облустарынан келгенин айтышууда.

Маалымат «Говори ТВ» каналынын түз көрсөтүүсүнөн алынды.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы түшкө чейин бул митингди түз эфирде чагылдырып жаткан. Бирок митингдин айрым катышуучуларынын опузасынан кийин митингди чагылдырууну токтотуп, ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG