Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Жогорку сот: Садыр Жапаров акталган эмес


Садыр Жапаров. Бишкек. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. Бишкек. 8-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровго карата актоо тууралуу чечим чыкпаганын билдирди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы 9-октябрдагы маалыматында Садыр Жапаровдун жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралганы айтылат.

Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган.

Натыйжада Жазык-процессуалдык кодекстин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүш үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Ошол эле кезде «Мекенчил» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жапаровду актоо тууралуу Жогорку соттун өкүмү 6-октябрда чыкканы ырас экенин жана колдо документ бар экенин билдирип жатат.

«Ошонун негизинде Садыр Жапаров «Достук» мейманканасында парламент тарабынан өкмөт башчылык кызматка көрсөтүлгөн. Парламенттин 67 депутаты катышып, Жапаровду бир добуштан бекиткен», - деди Аманбаев.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

Жапаров буга чейин Жогорку соттун чечими менен акталганын, анын негизинде премьер-министр кызматына талапкер боло аларын айткан.

Буга чейин бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен.

Бирок Садыр Жапаров Матраимовдордун эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн айтып, өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирип жатат. Юристтер Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө Конституциянын бир нече беренеси бузулганын айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

2018-жылы июнь айында ал 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG