Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

УКМК: Күч түзүмдөрүнүн координатору Суваналиев ФСБнын директору менен сүйлөштү


Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

7-октябрда күч түзүмдөрүнүн координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын директору, орус армиясынын генералы Александр Бортников менен телефондон сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Кыргызстандагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук маселелери талкууланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат басма сөз билдирүү таратты.

Ошондой эле эл аралык террор, экстремизм көйгөйлөрү менен эл аралык деңгээлде күрөшүүнү макулдашты. Бортников Кыргызстанда абал тез арада калыбына келерине ишенерин билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. Он алты партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Кечинде милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон. 6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны ээлеп алышкан.

Коррупцияга айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова бүгүн жасаган билдирүүсүндө азыркы кырдаалда өлкөдөгү жалгыз легитимдүү бийлик катары УКМКны убактылуу жетектеп жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевди гана тааный турганын айткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG