Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Бир катар өлкөлөр Батышты санкцияларды алууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөнүн 26 мамлекети АКШ баштаган бир катар батыш мамлекеттерин коронавирус пандемиясынын түйшүгүн азайтуу үчүн санкцияларды алып салууга чакырды. Бул маселени Кытай Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 5-октябрда билдирди. Бээжиндин БУУдагы өкүлү Чжан Цзюн санкциялар аталган уюмдун уставдарын бузарын, адам укуктарына шек келтирип, пандемиядан жабыркаган өлкөлөрдүн бакубаттыгына тоскоолдук кыларын жана саламаттыгына болгон укугуна доо кетирерин" билдирди.

"Глобалдык тилектештик жана эл аралык кызматташтык - бул СОVID-19га каршы күрөштө, аны жеңүүдө эң кубаттуу курал" деп айтылат 26 мамлекет чогуу тараткан билдирүүдө.

Мындай демилге менен чыккандардын арасында ушул тушта АКШнын, Европа Биримдигинин жана дагы башка батыш мамлекеттеринин санкциясынан жүдөп жаткан Иран, Орусия, Сирия жана башка мамлекеттер бар.

Билдирүүдө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен уюмдун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет да коронавирус пандемиясы менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүно доо кетирген санкцияларды алып салууга чакырды деп белгиленген.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандар 35 миллион адамдан ашып, бир миллиондон көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG