Алар документтерди топтоп, өкмөттүн, мурдагы жана азыркы саламаттык сактоо министринин жоопкерчилигин талап кылышууда. Маркумдардын ждакындары Башкы прокуратурага, президентке чейин кайрыларын билдирип жатышат.
Асел Айтбаеванын атасы Полотбек Айтбаев августта 65ке чыкмак. Бирок ал туулган күнүнө бир ай жетпей, 15-июлда «Семетей» обсерваторунда коронавирустан көз жумду.
Асел ошол күндөн бери атасынын өлүмүнө вирустан тышкары саламаттык сактоо системасындагы жетишсиз даярдык себеп болгонун социалдык тармактарга жазып, өкмөттүн, бийликтин жоопкерчилигин талап кылып, атайын документтерди чогултуп, Башкы прокуратурага арыз жазууну көздөп турат.
«Биздин топто азыр өлкөнүн булуң-бурчунан 60тан ашуун адам чогулган, - деди ал. - Алардын баары пандемия күчөгөн учурда жакындарынан ажырагандар. Биз биринчи кезекте ошол маалда болгон башаламандык үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жоопко тартылышы керек деп эсептейбиз. Алардын башында азыр камакка алынган мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев турат. Азыркы министр Сабиржан Абдикаримовдун да жоопкерчилиги чоң. Ага кечээ сөгүш эле берилди деп уктук, мынча көп киши каза болуп жатканда бул чараны өтө жумшак деп эсептейбиз».
«Лабораториялык анализдер алынган эмес»
Маркумдардын жакындары чогулган «Чындык үчүн» аттуу топ азырынча эч жерден расмий каттоодон өткөн эмес. Ошентсе да алар өз алдынча юристтерди жалдап, кайтыш болгон ар бир кишинин дарылоо эпикризин, өлүмдүн себептерин өз алдынча иликтеп жатышат.
Алардын бири Мира Айткулова да бул каргашада 67 жаштагы атасынан айрылган. Ал вирус болгон адамдарды дарылоодо өлкөдө лабораториялар даяр болбой, бир топ ката кеткенин айтты:
«1-апрелде мурдагы саламаттык сактоо министри иштен кетип, ордуна азыркы министр Сабиржан Абдикаримов дайындалды. Ошол маалда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн коронавирус пандемиясына даярдыгына нааразы болуп, айрыкча лабораториялар даяр эмес экенин айтып чыккан эле. Апрелден июлга чейин ооруну аныктоочу лабораториялар баары бир даярдалбаганына күбө болдук. Маселен, менин атамдан талап кылынган анализдерди алышкан эмес. Абдан көп адамдарга анализи жок эле тамчылатма дарыны сая беришкен. Дени сак адам да анча көп дары куюлса чыдай алмак эмес».
Өкмөттүн жоопкерчилигин талап кылышууда
Активисттер сентябрдын башында каза болгондордун өлүмүнүн себептери жана өкмөттүн күз, кыш маалындагы вируска даярдыгын сурап саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге кайрылышкан.
Алардын бири Айболот Айдосов министрликтен тышкары мурдагы жана азыркы өкмөттүн жоопкерчилигин талап кылып жатышканын, азыр да вирус күчөсө даярдык шайма-шай эмес экенин белгиледи:
«Пандемиядан каза болгон 1500дөн ашуун кишинин жашоосунун баалуулугу азыр деле билинбей жатат. Бийлик ошол трагедиядан сабак алып, экинчи толкунга даяр болушу керек эле. Азыр эч кандай даярдык жок. Чыныгы кырдаалды билбеген, түшүнбөгөн мамлекеттик кызматкерлердин ишин айгинелеш үчүн ушундай кадамга барууга аргасызбыз. Биз эми президентке, Башкы прокуратурага кайрылабыз. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай - ошол маалда өлкө башында турган Мухамедкалый Абылгазиевдин жоопкерчилиги болуп турат. Жалпы даярдык ошол адамдын мойнунда эле. Азыркыга чейин ал тууралуу эч кандай маалымат, талап, анын ишин иликтеген эч ким жок».
Коронавирустан жалпы каза болгондор август ортосуна чейин 1498 киши деп эсептелип келип, август ортосунан тартып 437 учурду башка оорулар деп кемитишкенден кийин азыркы расмий статистика 1064 киши болууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адистери активисттердин дооматтарына макул эмес. Вирусту дарылоо протоколун иштеп чыккан жана ар бир бейтаптын дарылануусун көзөмөлдөгөн өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев алардын сөзүнө:
«Менин жеке көз карашымда күнөөлүүлөрдү издөөнүн кереги жок. «Туура эмес дары берип койду, ашыкча дары сайып койду» дегенден кишилер өлгөн жок. Балким кемчиликтер болгондур, эл көп болуп, ооруканада орун жок кыйналгандар да катталып жатпадыбы. Бирок адамдар андан деле өлгөн жок. Маркумдардын өпкөсү катуу жабыркап, башка органдары да жараксыз болгон өтө оор абалдагылар эле. «Саламаттык сактоо министрлиги даярданбай, иштебей койду» дегенге кошулбайм», - деп жооп берди.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 147 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 30-сентябрдагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирус табылгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Расмий эсеп боюнча учурда 819 бейтап ооруканаларда, 1455 киши үй шартында дарыланууда.
Марттан бери илдет жугузуп алгандар 46 669 кишиге жетти. Анын 42 879у айыгып чыкканы айтылды.