Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

COVID-19 вирусун жугузгандар 35 миллиондон ашты


Орусия вирустун саны боюнча алдыңкы орундарда.
Орусия вирустун саны боюнча алдыңкы орундарда.

Акыркы суткада дүйнөдө коронавирусту 837 397 киши жугузду. Оорунун жайылышын чагылдырган картада акыркы үч суткада оору күчөп бара жатканы байкалууда.

Илдет жугузгандардын жалпы саны 35 079 152ге жетти.

Ооругандардын көбү АКШга туура келет. Бул өлкөдө 7 420 971 адам катталды. Андан кийинки орунда Индия турат (6 549 373), Бразилияда ооругандар төрт миллион 915 миңден ашса, Орусияда бир миллион 209 миңден көп. Дарт дүйнөнүн 188 өлкөсүндө жайылган.

1 036 111 киши каза болду. Өлүм-житим боюнча да АКШ биринчи орунда турат.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 5-октябрга карата коронавирус илдети Кыргызстанда 207 адамдан аныкталды. COVID-19 оорусу жуккандар жалпысынан 47 635 болду.

Алардын 43 5212си айыгып чыкты, акыркы суткада айыккандар - 103 киши. Расмий эсеп боюнча 1066 адам бул оорудан көз жумду. (BCh)

XS
SM
MD
LG