Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

БШК: түшкө чейин 21 арыз түштү


Оштогу шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.
Оштогу шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) келип түшкөн арыздардын басымдуу бөлүгү «жымжырттык күнү» үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоочуларды массалык ташуу, партиялардын байкоочулары шайлоочуларды добуш берүү кабинасына чейин коштоп жүрүшкөнү, үкөктөрдүн жанына жакын отурганы өңдүү дооматтардан турат.

Мындан тышкары журналисттердин добушканаларга киргизилбей жатканы тууралуу да даттангандар көп болуп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 4-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, ар бир арызга Боршайком күч түзүмдөрү менен кошо көңүл буруп, иликтөө иштерин жүргүзөт.

ИИМдин өкүлү Султан Акилов 4-октябрдагы мыйзам бузууга байланыштуу жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнө келип түшкөн арыздар да толугу менен иликтенерин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жарандар (0 321) 62 62 46 ишеним телефону аркылуу кайрыла алышат.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды. Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG