Азери-армян аскерлеринин талаштуу Тоолуу Карабак үчүн куралдуу кагылышы үч күндөн бери токтой элек.
Жагдайдын курчушуна эки мамлекет бири-бирин күнөөлөп жатат. Эки тараптан тең ондогон адамдар ажал тапканы кабарланды.
Эл аралык коомчулук жаңжалдашкан тараптарды чукул арада ок атышууну токтотууга, кеп-сөзгө келүүгө чакырууда.
Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения алардын Дашкенсан районун аткылаганын билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта «29-сентябрга караган түнү эки тарап чектешкен аймакта айыгышкан салгылашуу болду. Армян тарап 29-сентябрда саат 7.30да Варденис районунан Азербайжандын Дашкенсан районун артиллериядан аткылады», - деп айтылат.
Ереван Бакунун мындай дооматын «карандай калп» деп жокко чыгарды. Армениянын Коргоо министрлиги «атышуу ар кандай ыргакта уланып жатканын» билдирди.
Армян коргоо министри Арцрун Ованнисян шаршембиде азери аскерлери Варденис айылына ок жаадырышканын кабарлады.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши 29-сентябрда чукул жыйынга чогулганы жатат. Эл аралык коомчулукта аймактагы жаңжалга Орусия менен Түркиянын аскерлери да аралашат деген кооптонуу күчөдү.
Британия менен Канада 28-сентябрдагы чогуу тараткан билдирүүдө Тоолуу Карабактагы ири аскердик аракеттерден улам камтамачылык айтылган.
«Калктуу конуштардын аткыланышы, жайкын тургандардын каза болушу тууралуу билдирүүлөр терең тынчсызданууну жаратат. Биз кагылышууну чукул арада токтотууга, ок атышпоо тууралуу келишимдерди сактоого жана жарандарды коргоого чакырабыз», - деп жазылат Британия менен Канаданын тышкы иштер министрлери Доминик Рааб жана Франсуа-Филипп Шампань тараткан билдирүүдө.
Аскердик чабуул жүрүп жаткан жердин картасы англис тилинде.
Министрлер ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдү улантууну колдошту.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да эки өлкөнүн лидерлерин атышууну токтотууга чакырды. Ал сүйлөшүүлөрдү жандантууга, ЕККУнун байкоочуларын аймакка жөнөтүүнү сунуштады.
ЕККУнун Минскидеги тобу 1992-жылы жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу үчүн түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва жагдайга байкоо салып турганын, жагдай дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин билдирди:
«Тилекке каршы, Тоолуу Карабактын чектешкен тилкесинде кырдаал чукул курчуп кетти жана бул жагдай Москванын, дагы башка мамлекеттердин тынчсыздануусуна негиз болду. Биз кырдаалга тыкыр көз салып турабыз. Биз ок атышуу чукул арада токтотулуп, жагдайды жөнгө салуу жараяны саясий-дипломатиялык өңүттө жүрүшү керек деп эсептейбиз».
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деп билдирген.
«Кечээ Азербайжандын жерине кол салганы үчүн Арменияны дагы бир жолу айыптайм. Түркия мындан ары да боордош Азербайжанды болгон күчү жана ресурстары менен колдой берет».
Армян премьер-министри Никол Пашинян буга чейин эл аралык коомчулуктан жардам сураган жана Түркиянын кийлигишүүсүн айыптаган.
Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.
Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын бийлик өкүлдөрү 28-сентябрда дагы 26 жоокер окко учканын кабарлашты, ошентип мерт болгондордун жалпы саны 84 адамга жетти.
Расмий маалыматка ылайык, Азербайжандын жети жайкын тургуну окко учту.
Буга чейин Ереван 200 азери аскерин жок кылганын кабарлаган, Баку муну жокко чыгарган. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 550дөн көп аскери окко учканын билдирген, бирок Ереван мындай маалыматты бышыктаган эмес.
Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.