Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Кичине кыздарга ыплас мамиле кылган деп айыпталган чек арачы мунапыс менен бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук соту 28-сентябрда жаш кыздарга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деп айыпталган мурдагы чек арачынын ишин карады.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Самат Матцаков «Азаттыкка» билдиргендей, соттук коллегия Токмок шаардык сотунун чечимин өзгөртүп, шектүүнү күнөөлүү деп тапты. Бирок аны мунапыс менен бошотту.

«Мунапыс боюнча мыйзам мындай кылмыштарга карата колдонулбайт. Бирок сот колдонуп койду. Бул жерде мыйзам одоно бузулду», - деди Матцаков.

Чуулгандуу окуяга байланыштуу иштен алынган мурдагы чек арачы 2019-жылдын августунда Токмокто беш жана он жаштагы эки кызга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деген негизде Жазык кодексинин 163-беренеси менен айыпталган. Прокуратура ага 14 жыл жаза мөөнөтүн сураган. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал мас абалында Токмоктогу кичирайондордун биринде беш жашар кызга ыплас жоруктарды көрсөткөн. Ошол эле күнү коңшу турган көп кабаттуу үйдүн алдында отурган эки секелектин бирин кучактап, ыплас аракеттерди жасаган. Күбөлөр көрүп калгандан кийин качып кеткен. Тергөө анын күнөөсү экспертизада жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденген деп эсептейт.

Беш жана он жаштагы эки кыз тең окуядан кийин психологиялык жактан жабыр тартканын укук коргоочулар жана алардын ата-энелери айтып келишет.

Ишти алгач Токмок шаардык соту карап, быйыл апрелде ыплас аракеттер үчүн айыпталган беренени «Бейбаштык» беренесине которуп, шектүүнү камактан бошоткон. Жабырлануучулар буга макул болбой облустук сотко даттанган. Эми облустук соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрыла турганын маалымдашты. Айыпталуучу тарап окуя тууралуу комментарий берген жок. (NT)

XS
SM
MD
LG