Ош шаарында да Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы акция башталууда. Демонстранттар Алымбек Датка атындагы сейил бакка чогулуп жатышат.
Акциянын катышуучуларынын бири "Биримдик" партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүн ЕАЭБдин бир нече келишимдерине кол койгон жана эртең Орусияга бара турган президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү катары кабыл алыш керектигин айтты.
Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы өткөн нааразылык акциясы эки саатка созулду. «Кул болбо!» аттуу акцияда «Аманкулов, чык эшикке», «Эгемен Кыргызстан», «Кыргыз жери кол тийгис», «Маңкурт болбо», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандар жаңырды.
Сөз сүйлөгөндөр Аманкуловдун сөзүндө жикчилдик бар экенин айтып, аны жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа», «Чоң казат» партияларынын өкүлдөрү да сөз алып, саясий жарыштагы атаандашынын кебин айыпташты.
Митингге болжол менен 400-500дөй киши катышты. Эркиндик бульварынан жүрүш катары башталган акция саат 14:00дө аяктады.